Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 195

Мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов Сүйүнбек Касмамбетовдун мамлекеттик катчылыкка дайындалышы тууралуу пикирин билдирди. Айтымында, эми гана кызмат өз ээсин тапты. 

- Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгына байланыштуу Сүйүнбек Касмамбетов Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы болду.  Мен бул дайындоону туура деп эсептейм. Бул кишинин кынтыксыз өмүр жолу жана толук ачыла элек интеллектуалдык потенциалы бар. 

Мен аны менен парламентте чогуу иштешип калдым. Мен депутат, ал Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчиси эле. Кимдир бирөөнүн ал тууралуу терс пикирин эч укпадым. Анын сапатын ачып берчү толтура мисалдарды келтирсек болот. А мен бирөөсүн эле айтайын. 

Жакында аны менен иш боюнча жолугушуп калдым. Бир нече сунуш киргиздим. Сүйүнбек Сапарбекович блокнотуна чиймелеп жатканын байкадым, болгондо да солдон оңду көздөй эмес, оңдон солго араб тамгалары менен. 

Таң калган суроомо эч кимден жашыра турган сыры жоктугун, бирок конфиденциалдуулук үчүн кээде араб же англис тилдерин колдоноорун, бул тилдерди мыкты билээрин айтты. 

Жаңы кызмат ордунда Сүйүнбек Сапарбекович өлкөбүзгө чоң пайда алып келээрине ишеним бар.