Кыргызстандын жаңы саясий тарыхындагы чындыкты табуу үчүн революциянын классикалык аныктамаларын абстракциялоо зарыл. Математикада кайсы бир теореманы далилдеш үчүн көбүнчө аксиомаларды колдонушат. Бул принцип тарыхый процесстерге да пайдаланылат. Буга ылайык, биздин өлкөдөгү кээ бир коомдук-саясий окуялар курамдык бөлүктөргө бөлүнүшү керек (саясий аксиомалар). Андан кийин жеке көз караш менен жеке компоненттерди арыга кое туруп, картинаны жалпы караш керек. Тарых дарагынын тамырын көрүү үчүн.
Революциялардын кайсынысы бүт дүйнөгө өзү тууралуу катуу кыйкырык менен билдирди эле? Француздук буржуаздык. Анда карапайым эл толкуп чыккан, бирок аларды чыгышына ой себүүгө бийлик кылгандар түрткү болушкан.
Мисалы, Вольтер сыяктуулар. Ал бир гана дүйнөлүк философиялык ой жүгүртүүнүн өнүгүшүндө роль ойноп гана койбостон 18-кылымдын аягындагы Француз революциясын идеялык жактан даярдаган. Мындан улам анын ысымы падышалык Россияда саясий жана диний ой эркиндигинин жайылышы менен байланышып калды. Вольтерьянство башка дагы себептер менен бирге Улуу Октябрь революциясына алып келген.
Дидро, Руссо, Монтескье, Д'Алемберт жана башкалар менен бирге Вольтер адамдардын ой жүгүртүүсүн Улуу Француз революциясына бурган Агартуу доорунун идеологу жана жаратуучусуна айланды. Так ушулардын сиңирген оюу элдин топтолгон нааразычылыгын сыртка жарып чыгарган үрөн болуп берди.
Француз революциясынын жаңырыгы ушу биздин күндө да угулуп турат.
Анан бизде да жетти. Жакынкы өткөндөн алынган мисал: Турдакун Усубалиев Кыргыз ССРинин Коммунисттер партиясынын Борбордук комитетинин Биринчи катчылыгынан түшкөндөн кийин анын ордун Апсамат Масалиев ээлеген. Бул биздин биринчи революциябыз болчу, мен аны “кабинеттик революция” деп атайт элем. Башка өлкөлөрдөгүдөй эле ал элитанын ойлоп тапканы болчу. Анын негиздөөчүлөрүнүн бири катары Чыңгыз Айтматов десек болот, ал кишини биздин элита Усубалиевдин ордун ээлегенге көндүрүүгө аракеттенген.
1985-жылга чейин өскөн жана чыңдалган кыргыз элитасы Турдакун Усубалиевдин узак мөөнөттүү бийлигин сынга алып, революциянын алгачкы эпкинин таратышты. Ошону менен кабинеттин ичинде эле тынч революция болуп өттү. Мына ушундай жол менен Кыргызстан СССРге караштуу республикалардын арасындагы жетекчилиги алмашкан биринчи республика болуп калды.
Башка өлкөлөрдөгүдөй эле, биздин өлкөдө орой айтканда, чоң саясатты жүз үй -бүлө чечет. Мен аларды тайпа деп атайм. Бул түшүнүк үй-бүлөлүк-кландык, регионалдык, каржылык, идеологиялык компоненттерди камтыйт. Биздин биринчи революция калың элдин катышуусуз өттү. Бул Москванын тынч кабинеттеринде чечилген.
1990-жылы ушул эле тайпа жаңы революцияны ойлоп табышты, бирок бул жолу “легендарлуу” парламенттин депутаттары тартылды. Эсеп боюнча экинчи революцияны “парламенттик” деп атоого болот. Бийликке келген Аскар Акаев чачыранды кыргыз тайпаларын толук 15 жыл бою айланасына топтой алды.
Бирок баары бир кийинчерээк элита тайпаларынын арасында пикир келишпөөчүлүк орун алып, бул кезектеги бийлик алмашууга жеткирди, бул жолу эл аралашты. 2005-жылы үчүнчү революция жасалды.
2010-жылы кайрадан тайпалардын көз карашы дал келбей калды да төртүнчү революцияга алып келди. Анда мамлекетти Алмазбек Атамбаев жетектеп калды. Ал өзүнүн жеке жаңы элитасын түзүүгө жетишти, президенттик креслосун тапшырып жатып, өз ордуна санаалашы Сооронбай Жээнбековду отургузду.
Жээнбековдун тушунда да олигархтар топторунун ортосунда тирешүү жүрүп жатты. Ырас, бул сапар Акеевдин да, Бакиевдин да, башка кландардын да көз караштары дал келген жок. Жыйынтыгында, бийлик бешинчи президенттин – Садыр Жапаровдун колуна тийди. Анын бийликке келиши бешинчи революцияны жаратты, аны менен кошо Бешинчи Республика түптөлдү, жогоруда айтылган Франциянын үлгүсүнө салынып.
Өткөн жылы тайпалар ортосундагы тирешүү байкалбады. Азырынча элиталар бирин бири байкап, баамдап турушат. Алардын башында революция идеясы азырынча бышып жетиле элек, а эл тагдырды өзү билип бура тургандай акыбалда эмес.
Бешинчи Республика бойдон калып, жаратуучулуктун жаңы эрасына кадам таштоого убакыт келип жетти деп ойлойм. Анткени, "революциянын башталышы бар, бирок аягы жок".