Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 159

- Президенттин кайрылуусу, бийликтин шайлоону таза өткөрүү аракетинен майнап чыгабы?

- Эл ичинде пайда болгон көйгөйлөр тууралуу бийлик өз ойун билдирип, түшүндүрмө берип турганы кандай жагынан алганда да позитивдүү көрүнүш. Электр энергиясы, «Кумтөр» кени, алдыдагы шайлоо, кымбатчылык тууралуу 4 пункттан турган КР президентинин түшүндүрмөсү менен былтыркы 2020-жылдын 5 - октябрындагы элдик көтөрүлүш боюнча жасаган билдирүүсү мамлекеттик ЖМКлар жана соцтармактар аркылуу кеӊири таркатылып, элдин калыӊ катмары таанышып, талкуулап, түркүн пикирлер айтылып жатат. 

Былтыркы 5- октябрдагы элдик көтөрүлүшкө бир жыл толду. Бул тууралуу ооз ачпай коюу мүмкүн эмес. Мамлекет башчы катары элге кайрылышы керек болчу. Ошол парз аткарылды. Окуянын мааниси, маӊызы, келип чыгуу себептери, кесепеттери тууралуу калыс, так баа берилген билдирүү болду. Алымча, кошумча айтуунун кажети деле жок. 

Эми берки, төрт пункттан турган түшүндүрмө тууралуу… 

Алды менен, 1- 4- пункттар, электр энергиясы менен кымбатчылык боюнча айталы. Кеп чынында, буга азыркы бийликти тикелей күнөөлөгөнгө болбойт. Кургакчылык суунун тартыштыгына, кымбатчылык болсо жалпы дүйнөлүк тенденцияга көз каранды көрүнүштөр экендиги чын.

Бирок кымбатчылык элдин аялуу катмарынын турмушун катаалдантып, нааразычылыгын пайда кылат. Нааразы болгон эл «ким күнөөлү, кандай себептерден улам жакырланып атабыз», - деп ойлонуп отурбайт да. 

«Элдин камын жебей, булар каякка карап отурат», - дешип эле, бир беткей бийлигин айыптоого өтөт. Бийликтин андан башка терс аракеттерине кошул - ташыл болуп, рейтингинин төмөндөшүнө салымын кошот. Бир сөз менен айтканда нааразычылыкты күчөтүүчү фактор. Бардык элдерде, бардык мамлекеттерде эле ошондой. Андыктан, коомчулук менен байланышты үзбөй, ушундай түшүндүрмөлөрдү тез-тез элге жарыялап туруш керек.  

2-пунктта айтылган “Кумтөр” маселеси да өтө талылуу маселе. Азыркы бийликке кошумча шанс берип, «төӊкөрөбүз» дегендерге элди кошпой, кармап турган фактор ушу “Кумтөр” маселеси болуп жатат. Эл бир жаңсыл болсун деп чыдап, күтүп атат. Күрөш канчага созулса да күткөнгө даяр десек да болот. Азыркы бийлик “Центерра” менен алышып жатканда эл далыга бычак сайбайт. Жыйынтыгын күтөт. Ошого карата анан чечим кабыл алат. Кылым аферасы аталган “Кумтөр” чырынан ырыскысын колунан жулдурган кыргыз эли кырдаалды баамдап байкап турат. 

Айрым серепчилер “Утса молодец, утулса конец”- деп жатат. Менимче андай эмес. Эгерде азыркы кыргыз бийлиги ак дилден аягына чейин туруп эл үчүн күрөшсө, “Центеррадан” утулган күндө да эл бийликти колдогон бойдон калат. А эгерде кайрадан тымызын соодалашуулар болуп, жеке кызыкчылыктар үстөмдүк кылса иш чатак. Кыскасы, “сатылса конец”, анда уттук, утулдук деген маанисин жоготот.

3-пункттунда Садыр Жапаров таза шайлоо өткөрүү демилгесин көтөрүп, ишенимдүү түрдө айтыптыр. Коопсуздук кеңешинин катчысы, дагы бир топ атка минерлер бул демилгени кош колдоп колдоп жар салышты. 

“Админресурс колдонулбайт, таза шайлоо өтөт, добуш сатып алгандарга карата катуу чаралар көрүлөт”- деген сөздөр айтылды. Бирок чынын айтыш керек, бийликтин таза шайлоо өткөрөбүз деген демилгелери менен убадалары коомчулук ичинде ишеним жаратпастан, тетирисинче буга чейинки айтылып келген күмөндөнүү менен ишенбөөчүлүктү күчөтүп салгандай.

Шайлоо кандай өтөт? Өтө ыпылас болсо, арты кайрадан тополоңго айланбайт деген кепилдик жок.