Быйыл шаардык кеңештерге болгон шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Анткени, анда добуш сатып алуу фактылары ачыкталган болчу. Мына ушул нерсе Жогорку Кеңешке дүркүрөп аттанып бараткан талапкерлерге сабак болушу керек. Мындай пикирин саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев билдирди.
"БШК быйыл 3 чоң шаарлардагы ( Бишкек, Ош,Токмок) жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган эле. Себебин баарыбыз билебиз: мыйзам бузуулар, добуш сатып алуу ж.б.у.с...
Менимче, болочок ЖКга шайлоодо ар бир партия жана жеке талапкерлер ошол жокко чыгаруу фактыларын эске тутуп коюшу абзел! Мындай чечкиндүү чаралардын тажрыйбасы бар! Эми андан да жеңил болуп калды: партияны эмес, конкреттүү талапкерди жарыштан чыгарууну практикага аёоосуз киргизсе болот! Ошондо ал талапкердин артында турган партия да жабыркайт...
Бийлик гана эмес, ар бир шайлоочу да былтыркы окуялардан, быйылкы шаардык кеңештерге болгон шайлоолордон тыянак чыгарышы керек! Тырмоокту кайра- кайра эле тебелей бербейли..." - деди саясат талдоочу.