2021-жылдын күз мезгилинин соңу менен Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарынын шайлоосун өткөрүү белгиленди. Бул сапар эл өкүлдөрү Жогорку Кеңешке мажоритардык жана пропорционалдык система менен шайланып келет. Бул саясий жараянга болгон даярдыктар азыртан башталып, талапкерлер жана партиялар элдин добушун алууга ашыгууда.
Өлкө жетекчилиги алдыдагы шайлоону калыс, таза өткөрүүнү тиешелүү тараптарга дайындап, добуш сатып алуу, админстративдик ресурсту колдонуу сыяктуу мыйзамсыз иш-аракеттерге баргандарга катуу чаралар көрүлөөрүн эскертти. Демек, бардык саясий күчтөр өз күчтөрүн сыноо үчүн алдыдагы аламанга ат салышуусу керек. Азыркы шайлоо системасы талапкерлер арасында чыныгы атаандаштыкты күчөтүп, тизмедеги кезегине карабай, көпчүлүк добушка ээ болгон талапкерлердин утуп чыгуу мүмкүнчүлүгү жогору болот.
Тилекке каршы, электораттын колдоосуна ээ боло албай, добуш алууга көздөрү жетпеген, саясий рейтинги төмөн айрым саясатчылар бул жараянды да саясий оюнга айлантууга киришти. Мурда-кийин саясатта жүрүп, бирок азыркы бийликтин ишенимине ээ боло албай, кызматка илинбей калган айрым саясатчылар, саясий топтор, кландар бул саясий өнөктүктү өз кызыкчылыгына пайдаланууну көздөп, ар кандай кадамдарга барууга камынууда. Булардын катарын бийликке болгон жеке таарынычы, ич күптүсү бар саясатчылар да толуктады. Себеби, октябрь окуяларынан кийин кыргыз бийлиги коррупцияга каршы катуу күрөш жүргүзүп, анын натыйжасында буга чейин бир топ чоң кызматтарда иштеген, элдин эсебинен байлык топтогон аткаминерлерди кармап, камакка алып, кезинде казынадан кымырып алган миллиондорду кайра кайтарып берүүгө мажбур кылган. Бийликтин мындай иштерине ичи чыкпаган ошол аткаминерлер эптеп өч алуунун амалын көздөп, өздөрүнчө саясий күчкө айланып, кайрадан төңкөрүш жасоого камынууда.
Алардын максаты, шайлоону пайдалануу менен, кырдаалды курчутуп, Кыргызстандагы коомдук-саясий абалды дестабилдештирип, бийликти басып алуу. Алар бул үчүн активдүү иштерди жүргүзүп, ал гана эмес айрым учурларда ачык эле элди баш аламандыкка чакыра башташты.
Үчүнчү ыңкылапты башынан өткөргөнүнө жыл айлана элек Кыргызстан мындай башаламандыкты төртүнчү жолу көтөрө алабы? Албетте жок. Ансыз да, COVID 19 илдетинин тийгизген таасиринен улам кризиске белчесинен баткан экономика, өлкө казынасындагы каражаттын тартыштыгы, чекеси оюлбаган тышкы карыз, толук калыпка түшө элек коомдук-саясий кырдаал, Афганистандагы окуяларга байланыштуу пайда болгон кооптуу абал, чекит коюла элек чек ара маселеси сыяктуу проблеммалардын курчоосунда турган Кыргызстан дагы бир төңкөрүштү көтөрө албайт жана аны жасоого да эч кандай негиз жок. Бул улуттун коопсуздугуна, мамлекеттүүлүккө чоң сокку урат. Өлкөнүн экономикалык абалын жакшыртып, ишкерликти, туризмди өнүктүрүү, ички-тышкы саясатыбызды так аныктоо, инвесторлорду тартуу сыяктуу барандуу иштер менен алектенбей, кайрадан башаламандык уюштуруп, төңкөрүш жасап, бийликти басып алууга аракет кылуу барып турган чыккынчылык. Мындай шартта, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу менен, ынтымагыбызды бекемдеп, оор кырдаалдан чыгып кетүүнүн жол-жобосун издешибиз керек эле.
Тилекке каршы, жогорудагы сөз кылган бир ууч саясий топ ачуу чындыкты көргүсү келбей, өлкөнүн эмес өзүнүн тагдырын ойлоп, кандай болсо да бийликтин эки тизгин, бир чылбырын колго алууга жан үрөп жатышат. Бактыга жараша, заман талабына ылайык коомчулуктун маалыматка ээ болуу мүмкүнчүлүгү жогорулап, мурункуга салыштырмалуу жакшы менен жаманды иргеп калды. Болбосо, “саман учту десе, Самарканды өрт алды” – кылып, көбүртүп-жабыртып көнгөн мындай ичи жаман немелер эл арасына бүлүк салып, эчак бир нерсенин башынан чыгышмак.
Элге, мамлекетке пайдасынан зыяны көп мындай немелерге карата укук коргоо органдары катуу чара көрүп, жоопкерчиликке тартпаса кесепетин эл тартат. Эс тартып ээрге мингени элдин жонунан кайыш тилип, мамлекеттин казынасын талап-тоноп, асман тиреген хансарайларды салып, кымбат унааларды минип, чет өлкөлөрдө эс алгандары аз келгенсип, кайра элди козутуп жатканы кечиримсиз. Ошончолук эле төңкөрүштү каалап жатса, аны мамлекетке эмес өздөрүнүн аң-сезимдерине жасаса жакшы болмок эле.