Жамин Акималиев: Между властью и народом огромная пропасть – Народный  Курултай может стать мостом

- Жаңы жазылган шайлоо мыйзамы, жаңы конституциянын негизинде түзүлгөн аралаш система менен парламентке чыныгы азаматтар келет деп үмүт артсак болобу?                                                                                                                                                        
- Аралаш системанын укуктук негизи болуп 2021-жылдын 5-майында кабыл алынган Жаңы Конституция эсептелет. Аны шайлоочулардын көпчүлүгү колдогон. Демек 28-ноябрда боло турган шайлоодо Жогорку Кеңешке элибиздин татыктуу уул-кыздары келет деген үмүттөмүн. 

- Алтынчы чакырылыштын депутаттары шайлоо мыйзамын туура эле өзгөрттүбү же башаламандыкка жол ачып коюштубу?                                                                                                                                                                                                    

- Чындыгын айтсак, алтынчы  чакырылыштын депутаттары келе жаткан шайлоону партиялык тизме менен гана өткөрөлү деп аракет кылышты. Бирок, талаштан тактык жаралып, депутаттардын жалпы санынын 36сы бир мандаттуу округдардан, ал эми калган 54ү партиялык ыкма менен өтсүн деген чечимге келишти. 

- Жаңы шайлоо мыйзамы боюнча партиялык тизме менен шайлоого катышкан талапкерлер алган добушуна жараша  мандат ала  турган болсо, партиянын лидерлери маселе чече албай калышпайбы?  

- Туура айтасыз, аралаш системанын максаты – депутаттарды шайлоодо партиянын лидерлери чечкиндүү ролду ойнобой, акыркы сөз элде болушун камсыз кылууда турат. Ошо менен бирге саясий партиялардын орду дагы орчундуу. Себеби партиялык тизмени алар аныктайт. Жаңы кабыл алынган мыйзамдын кемчилиги – партиялар сунуштаган талапкерлердин аты-жөнү шайлоо бюллетенинде жазылбаганында. Бюллетендерде партиялардын аты гана көрсөтүлөт экен. Партиялык тизме болсо шайлоо участкаларында илинип турат имиш. Аны шайлоочулар атайын барып карайбы же жокпу? Ал эми бир мандаттуу округдардан көрсөтүлгөн талапкерлердин баардыгы шайлоо бюллетендеринин бетине таамай жазылат. Партиялык тизмедегилер дагы ушундай болуп бюллетенде так көрсөтүлсө жакшы болмок. 

- Эгер жаңы мыйзам жакшы иштесе мандат берүүнү аныктоодо партия лидеринин эмес, БШКнын таасири чоң болуп калабы?

- Ооба, депутаттык мандат берүүнү аныктоодо партия лидерлеринин таасири чоң болбошу зарыл. Жогорку Кеңешке кимдин депутат болушун шайлоочулар гана аныкташы керек.