Быйыл жазда президент Садыр Жапаров Кыргызстандын түш¬түгүндөгү 2010-жылдын июнунда болуп өткөн кандуу окуялардын материалдарын кайра карап чыгууга тапшырма берген. Андан бери жети айдай убакыт өттү, бирок тескеп-териштүүлөрдүн кандай жүрүп жат¬кандыгы, алгачкы жыйынтыктар жөнүндө коомчулукка эч нерсе маалымдала элек. Президент тапшырма берген соң ал аягына чыгарылуусу зарыл, биздин оюбузча, иш жүрүп жаткан болуш керек, буйруса, убагы келгенде анын жыйынтыктары ачыкка чыгарылат. Ага ошол убакта “временшиктер” деп аталган авантюристтик топту жетектеп турган Роза Отунбаеванын акыркы убактарда өтө эле күйпөлөктөнө баштагандыгы далил.

Анткени, тескеп-тергөө иштери тереңдеген сайын тынчы кетип, бийликти катуу сындап, көчө саясатына активдүү аралаша баштады. Ал илгеркилерден калган “эң мыкты коргонуу - чабуул” дегенди карманууда. Айрым сөздөрүнө караганда төртүнчү төңкөрүштү ишке ашырганга да өтө кызыкдар болуп жаткандай. Экинчи төңкөрүштө “Ысык-Көлинвест банктан” алган 200 миң долларлык кредити банк менен кошо жок кылынса, апчебиздин төртүнчү төңкөрүштүн аркасы менен өзүнүн, “временшиктеринин” 2010-жылдын июнундагы кандуу окуялардагы күнөөлөрүн жаап салууну көксөп калгандай. 2019-жылдын июнунда Кыргызстандын Түштүгүндө болгон кандуу окуяларда 400гө жакын адамдын өмүрү (дайынсыз жоголгондорду кошкондо, алар тирүү болсо, алиге чейин дайындары чыкмак) кыйылып, 2 миңге жакын адам жарадар болгон, экономикага 11 миллиард сомдой зыян келтирилген. Бирок, ал окуяга, ошол убакта жогорку кызмат орундарын ээлеп турган анын күнөкөрлөрүнө алигече саясый баа берилбеди, козголгон кылмыш иштеринин көбү аягына чыгарылбады, эми чыгарылышы да күмөн.

2010-жылдын июнундагы кандуу окуяларга “временшиктер”, аны жетектеп турган Роза айым түздөн түз күнөөлүү экендиги талашсыз. Алар өз бийлигин сактап калуу үчүн сепаратисттердин лидерлерин кол¬дошту, алар тынбай эл аралап ачыктан ачык экстермисттик-деструктивдүү иштерге чакырып жүрүшсө да контрчараларды көрүшпөдү. Кан төгүлгөндө Кадыржан Батыровду баш кылып сырт жактарга чыгарып жиберишти. Элибизде “кан коё бербейт” деп айтылат. Ооба, 2010-жылдагы июнь окуяларына толук укуктук, саясый, моралдык баа берилмейинче ага чекит коюлбайт. Эгерде буга чейин толук укуктук, саясый жана моралдык баа берилсе, Роза Отунбаева баштагандар азыр ыргыштап, элди кайрадан деструктивдүү аракеттерге чакырышып, саясатка аралашышмак эмес, тийиштүү жерлерде тынч отурушмак.

Мамлекеттин экс-башчысынын жазылган жана жазылбаган жүрүм-турум эрежелери бар. Жазылгандарын жакшы билебиз, жазылбагандарына келе турган болсок, экстер күйпөлөктөнүп күндөлүк саясатка аралашпастан эскерүүлөрдү жазып, ар кандай иш чараларга катышып, кайрымдуулук иштери менен гана алектенүүлөрү зарыл. Цивилдүү өлкөлөрдүн экс-лидерлеринин бардыгы ошентишет. Атүгүл экс-президент Сооронбай Жээнбеков деле бир тууган иниси, бир катар жакындары, санаалаштары абакта жаткандыгына карабастан беш маал намазын окуп, кудайдан тынбай күнөөлөрүн кечирүүнү сурап, үйүндө тынч отурат. Чакырган жерлерге барат, чакырышпаса, айрымдардай милдет кылбайт. Биздин оюбузча, экс деген ушундай болуусу зарыл. Ал эми Роза Отунбаева экс болгондон бери элибиздин каада салттарына сыйышпаган эл бузарлык иштерди гана жасоодо. Бир туруп кемпир-кесектерди чогултуп алып, Улуттук сүрөт музейинде дырдай жылаңач катынды ары-бери оонатса, бир туруп эркектердин баарын “караларга” теңейт. Анткидей Кыргызстандын эркектери чогулуп барып анын абышкасын өлтүрүп салышыптырбы? Алар аз келгенсип экстремизмге жакын сөздөр, чакырыктар менен чыга калат. АША адам аткычка айланса, Отунбаева минтип баратат? Ушундан улам, “временшиктердин” арасында адекваттуу бирөө-жарым болгонбу же бардыгы ушундай сапаттарынан улам кандуу окуяларды чыгарышканбы?- деген суроо өзүнөн өзү жаралат. Анын өзүнөн кийинкилерге тынбай акыл үйрөткөнүнө көнүп деле калдык.

Угушубузча анын бул ирет бир жобо¬лоңдуу партия менен парламенттик шайлоого катышсам деген да ою бар экен. Кайсыл партияга кошулса, кандай шайлоого катышса, ыктыяры өзүндө. Бирок, чын эле андай максаты болсо, анда ай сайын алып жаткан 90 миң сомдук пенсиясына кошо экс-президент деген макамынан баш тартып, бактысын шайлоодон сынап көрүүсү зарыл. Бул биринчиси. Экинчиден, Роза Отунбаевага экс-президент деген макам мыйзамсыз берилгендигин убагында АША деле айткан, укук таануучулардын баары эле аны ырастап келатышат.

Анткени, аракеттеги укук-ченемдик документтерге ылайык, 2 жылдан кем эмес мамлекетти башкарган адам гана “экс-президент” деген макамды ала алат. Ал эми Роза Отунбаева толук легитимдүү шайланган деле эмес, Баш мыйзамдын аягына тиркеме болуп эле 1,5 жыл өткөөл мезгилдин президенти болуп калган. Эгерде чындап эле мыйзамдуулукту кармана турган болсок, анда жогоруда айтылгандардын негизинде ал “экс-президент” деген макамдан ажыратылышы керек. Анын үстүнө тергеп-тескөө убагында жогорку даражадагы мамлекеттик чиновниктер убактылуу өз макамдарын, ыйгарымдарын тапшырып турушат. Июнь коогалаңы боюнча тергеп-тескөө иштери жүргүзүлүп жатканда Роза Отунбаева өз макамынан убактылуу баш тартуусу зарыл. Эгерде анткиси келбесе, жогоруда айтылгандарга таянып тийиштүү укук коргоо органдары өз чечимдеринин негизинде аны “экстиктен” ажыратуулары керек. Ошондо гана оолуккан Отунбаева эсине келет, антмейинче Кыргызстанда менден кыйын эч ким жок деп оолуга берет.

 

Булак: «Майдан. kg» гезити