Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 250

Ош окуясында эч кандай улут аралык жаңжал болгон эмес. Ал кайсы бир күчтөрдүн уюштурган чагымчылдыгы болду. Мындай пикирин жарандык активист Уран Рыскулов "Саясат. kg" маалымат порталына билдирди. 

- Дүйнөдөгү ар бир саясий окуялардын себептери жана алардын  келип чыгышы жылдар өткөндөн кийин билинет.  Тагыраагы, 11 жыл өткөндөн кийин Ош окуясына сереп салсак, көп нерсе байкалып турат. Менин баамымда, Ош окуясында эч кандай улут аралык жаңжал болгон эмес. Ош окуясынан кийин мен  Ошту кыдырып, элге жолуккам. Ал турсун өзбектердин өрттөлгөн үйлөрүнө чейин барып, сурамжылоо жүргүзгөм. Өзбектер: “Биз кыргыздарга каршы эмеспиз, бизге мунун кереги жок болчу. Муну атайын уюштурган күчтөр бар”, - деп өздөрү айтышкан.

Ошондой эле, Өзбекстандын ошол учурдагы  президенти Каримовдун: “Ал жерде эч кандай жаңжал жок, тышкы күчтөр уюштурган окуя болду”, - дегени бар. 11 жыл Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү сырткы күчтөр уюштурганын билип туруп, унчукпай гана туруп беришти. Булар мамлекеттин кызыкчылыгын ойлосо, чыр-чатакты болтурбаш үчүн каршы туруш керек болчу. Тилекке каршы, булар сырткы күчтөрдүн оюнун ойноп беришкен. Ошон үчүн күнөөлүү. Убактылуу Өкмөт Ош коогалаңын уюштурбаса да, ошол каргашалуу окуяны алдын алып, болтурбаганга аракет кылышы керек болчу. Чынында, Ош окуясы  сырткы күчтөрдүн референдумду кынтыксыз өткөрүү үчүн ойлоп табышкан. Негизи, Конституциянын "атасы" Текебаев дешет. А чынында "атасы" Текебаев  эмес, ага сырткы күчтөр жазып беришкен. Авторуна гана Текебаевди жазып коюшкан. Ошон үчүн Ош окуясы боюнча Убактылуу өкмөттүн күнөөлөрү опол тоодой. Ошонун ичинде Роза Отунбаеваныкы да жетишээрлик.  Россиянын тарыхчысы, жазуучусу Платоновдун “Империя зла”  деген китебин окусаңар масон ложуна мүчө болгондордун катарында  Роза Отунбаеванын да аты жазылып жүрөт. Роза Отунбаевага окшогон кишилер эч качан кыргыздын кызыкчылыгы үчүн иштебейт. Булар сырткы күчтөрдүн гана кызыкчылыгын аткарат. Роза Отунбаеванын кайрадан саясатка  активдүү катыша баштаганы  сырткы күчтөрдүн оюндары башталды десек болот.