УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин 100дөй адамды чакырып, Ала-Арчадагы мамлекеттик резиденциясынын бир ашканасында баласы Тимурландын үйлөнүү тоюн өткөргөнү айрымдардын бүйрүн өзгөчө кызытты.
2004-2010-жылдарда президенттин иш башкармалагынын жетекчисинин орун басары, кийин Бишкектин мэри болуп иштеген Балбак Түлөбаевдин айтымында, эгерде ижара акысы төлөнсө, ким деле болсо үлпөт өткөрсө, атүгүл ал жердеги котедждердин бирин ижарага алса да болот экен. Ал жердеги ашканалар супер заманбап ресторан же кафелерден эмес, негизинен жумушчу иш чараларга катышкандарды тейлөөгө, бир чакан залы мамлекет башчыларына сый-тамак берүүгө ылайыкташтырылган. Билишибизче, душманы көп К.Ташиев ар кандай провокациялардан чочулагандан улам баласынын үйлөнүү үлпөтүн ошерде өткөрүүгө аргасыз болуптур. Ал жерге кудалардын жакындары гана чакырылыптыр, бир да депутат, өкмөт мүчөсү же жетекчи, ишкерлер барышпаптыр. Башкалар той-аштарын акча жыйноо, мактанып алуу үчүн 800-1000 адамды, атактуу ырчыларды, бийчилерди ж.б. чакырып өткөрүшсө, Камчыкебиз кыйбагандарына жакшылап чай берүүнү гана көздөптүр. Бул үчүн аны мактоо гана керек.
Жогорку даражадагы мамчиновниктердин мамлекеттик жайларда үлпөт өткөрүүсү мурдатан болуп келген. Алсак, Аскар Акаев баласынын үйлөнүү тоюн Чолпон-Атадагы мамлекеттик резиденцияда, кызынын тоюн опера жана балет театрында өткөргөн. Мурдагы советтик мезгилде Ленинграддын жетекчиси Г.Романов кызын даңазалуу Кышкы сарайда күйөөгө узаткан. Аны СССРдин КГБсы текшерип, эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес деп тапкан. Көп өтпөй ал кызматы жогорулап, КПСС БКнын катчысы, Саясый Бюронунун мүчөсү болуп шайланган. Ал эми чет өлкөлөрдү айтпай эле коёлу. Ошондуктан Камчыбек Ташиевдин баласынын жупуну үлпөтүн бурмалап, аны адаттан тышкары чектен чыккандык катары көрсөтүү чындыкка ылайык келбейт, адамкерчиликке да жатпайт. Эгерде баласынын тоюн 1000-1500 адамдык ресторан-кафелердин биринде өткөрсө, ал жерге Ташиевди жаман көргөндөрдүн провокаторлору жашыруун кирип алышып, монтаждалган ар кандай сүрөт-фейктерди, имиштерди таркатышмак. Мүмкүн, жаңжал да чыгарышмак. Ошондон чоочулаган Ташиев үлпөттү чектелүү адамдардын катышуусунда мамлекеттик резиденциянын ашканаларынын биринде өткөргөндүгү түшүнүктүү эле.
Булак: "Майдан. kg" гезити