Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 340

Экс-депутат Бектур Асанов кыргыз коомчулугундагы өзгөрүүлөр тууралуу пикирин "Саясат. kg" маалымат порталына билдирди. 

- Бектур  Жантөрөевич, Афганистандагы акыбалдан кийин талибдерге жан тартып, аларды колдоого алгандарды, халифат курууну көздөгөндөргө террористтик уюмдун мүчөлөрүндөй мамиле  кылыш керек, камап жазалаш керек дегендер чыга баштады го? Буга кандай жооп кайтарасыз?

- Биз светтик өлкөбүз. Халифат курууну каалагандарды, аны пропагандалагандарды террорист катары жазалашыбыз керек. Социалдык тармактарда "Талибанды"* куттуктап, "Талибан" жакшы дегендер чыга баштады. Өкүнүчтүүсү, террористтик уюмду колдогондор көбөйүп жатат. Мамлекетибиз светтик десек, мамлекеттик саясатыбыз демократиялык, адам укугун коргогон цивилизациялуу мамлекетти куруу болсо, анда диний бир идеологиянын алдындагы мамлекетти курабыз дегенге сөзсүз каршы турушубуз керек. Себеби, бир идеологиянын монополиясы эч качан дүйнө тарыхында өнүгүп, жыргап кетип, башка өлкөлөргө үлгү болгонун биздин тарыхыбыз көрсөтө элек. Ошондой эле талибдер демократиялык мамлекет курбасын ачык айтты. Ушундан эле биздин көз карашыбызга алардын идеологиясы дал келбесин билсек  болот.

*Кыргызстанда тыюу салынган кыймыл