- Турсунбек агай, “Кумтөр” окуясы элдин кызыкчылыгына каршы чыккандар эртеби - кечпи жоопко тартылаарын далилдедиби?
- “Кумтөр” кени казылып баштагандан берки күнөөлүү адамдардын алды сурак берип, аркасы камала баштады. Кылмыш жасаган адам бийликтин укуругу узун экенин, эртеби-кечпи камаларын түшүнө баштады. Акаев да кысымга кабылып, күч келгенде 16 жылдан кийин Кыргызстанга келип, сурак берип кетти. Бирок туура эмес иштери болсо да болушунча актанды. Айрым маселелердин башын чечип берди. Кыскасы, муну менен күн бүтпөйт. Мезгили келгенде анын калпыс иштери тууралуу тарыхта да айтылат.
- Баса, Садыр Жапаров эл ишенимин актап жатабы?
- Президент болуп иштеш өтө оор. Чынында, бир үй - бүлөнү башкара албагандар деле бар. Алты жарым миллион адамдын жоопкерчилигин моюнга алуу оңой кызмат эмес. Анын үстүнө Садыр Жапаровго өтө чоң “мурастар” калды. Пандемиядан жабыр тарткан калк, канча миллиарддаган тышкы карыздар, талкаланган экономика, таш-талканы чыккан жолдор, таланган завод,фабрикалар калды. Ошондой эле эл аралык уюмдар жана башка мамлекеттер менен бузулган мамилелер калды. Садыр Нуркожоевич ушундай оор мезгилде эл башына келди. Элдин ишенимин актоо оор болсо да, ошого карабай бир топ иштерди алдыга жылдырууга болгон аракетин жумшап жатат. Эң көрүнүктүү иши “Кумтөр” болду. “Кумтөр” маселесин көтөрүп, атак-даңк топтоду. Бирок, азабын да ченебей тартты. Камалды. Бийликке келгенде “Кумтөрдүн” аягына чейин чыгарайын деп тышкы башкаруу киргизди. Инвесторлорду өз мекенине айдады. Эми эл аралык сотто “Кумтөр операйтинг компаниясы” “Центерраны” утушу керек.
- Акаевдин келиши, айрым саясатчылардын камалышы да “Кумтөргө” байланыштуубу?
- Ооба, Акаевдин келиши, мурдагы президенттердин сурак бериши, кээ бир саясатчылардын камалышы кандайдыр бир деңгээлде “Кумтөргө” байланыштуу десек болот.
- Баса, мактоого татыктуу жерлери барбы?
- Албетте бар. Маселен, Баткендеги чек арада орун алган куралдуу окуядагы сабыр кылганы, арканды алыс таштаганы да мактоого татыйт. Тажиктер кол салганда миңдеген жаштар чыгып, канга кан, тажиктерди атабыз, өлтүрөбүз, курал бергиле деп чыгышты. Президент сабырдуулук кылып, гумандуулукка барды. Америкага барганда атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер дегендей гумандуу саясаттын туура экенине көзүм жетти.
Эң негизгиси, Садыр Нуркожоевич ичип, жеп, үй - бүлөсүн чалчактатып, мамлекетти тоногон жок. Башка президенттердей өзүнүн жыргалчылыгын ойлогон иштерге азгырылган жок. Чекесинен мамлекетти оңдоого аракет кылып жатат. Мисалы, акимдерди аттестациядан өткөрүп тандаганы жакшы болду. Татыктуусу өтүп, татыксызы аттестациядан өтпөй калды. Мына ушул саясаттын арты менен мамлекеттик кызматкерлер тазаланды. Татыктуу акимдер шайланды. Тааныш - билиштик орун алган жок. Кыскасы, кадр маселесинде мүчүлүштүктөр болгону менен кубана турган жакшы иштер да болду.