Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 438

- Негизинен камалган саясатчылардын баары "саясий куугунтукка кабылдык" деген шылтоону айтып көнүп алышты. Бир чети буларга деле түшүнсө болот. Эч кимиси чындыктын бетине тике карап, болгонун болгондой ачык айтып, күнөөсүн моюнга алганга духу жетпейт. Артында балдары, урук - тууганы, куда - сөөгү тургандан кийин аларды аралап жүрүштү ойлойт. Башында "жегеним билинбей калат" деген куру кыял менен тойгуча сугунуп алышкан. Көзүн май басып карапайым жашоо, карапайым жүрүш - туруш уят сезилип, өзүн элита сезип жүрүүнү салтанат көргөн. Эми канчалык жаап - жашырса да ачылды. Бул турган иш. Элди көп чаргытпасын. Документти "сабаттуу" түрдө жасаганым билинбей калат деп башкаларды  атаганында кеп бар. Ооба, Фарид Ниязов өзүн өтө билимдүү сезген, маданияттуу коррупционер болчу. Орхан Инанды документти Фариддин учурунда бүтүрүп, алдамчылык кылык - жоругун жаап, изин  ушул Фарид мырза аркылуу жашырып жатса, анан ким күнөөлүү болуш керек. Албетте, Фарид Ниязов күнөөлүү болот. Бул куугунтук эмес. Көп жанын жебесин.

Жоопкерчиликтен качкысы келсе башка жолу толтура. Фарид Ниязовду камоо - жоопкерчиликтен качуу дегени болбогон сөз. Эми түштөн кийин жан талашып байкуш болуп көрүнбөсүн. Бир адамды кармаш үчүн бир адамды садага чабуу кыргыздын канында жок жорук. Орхан Инанды Фарид Ниязовго тиешеси жок болсо деле кармалмак. Анткени, Кыргызстанда мыйзамсыз иш аракеттерди кылган, документтерди жашыруун жасатып алган. Андан сырткары Кыргызстандын эрке баласындай тайраңдап каалаган тариф менен кыргыздардын эң жөндөмдүү балдарынын акылын уурдап, башка маданиятты пир тутууга үйрөткөн.

Орхан Инанды кармалгандан кийин анан изилдөөнүн негизинде Фарид Ниязовдун туура эмес иши ачыкка чыккан болсо керек. Көп догурунуп ой - тоону оттобой жооп берсин.