Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 324

Кыргызда «мал ээсин тартпаса арам ѳлѳт» деп коюшат. Кѳрсѳ, мал эле эмес, кол алдындагылар да шефин, жетекчисин тартып калышат тура. Ага  абакта жаткан Фарид Ниязовдун мисалынан улам ынанып  атабыз. Анын шефи, мурдагы президент А. Атамбаев да  дайыма  ѳзүн сүттѳн ак, кристаллдай таза кѳрсѳткѳндѳн тажабаса, Ф.Ниязов да шефинин жолуна түшүп алды. Маал маалы менен саясий кырдаал тууралуу үн катып, ѳзүн актап, жактап, бийликтегилерди «жѳѳлѳп» турбаса башы ооруйт. Ѳзүн саясаттын курмандыгы  катары кѳрсѳткѳнүнѳ   жол болсун! Ѳзүн саясий чоң фигура катары кѳрѳт окшойт, чамасы. Бирок андай эмес экенин баарыбыз билебиз го. Ал болгону  Атамбаевдин «баш ал десе бѳрк алган» адамы катары кызмат кылып келген, кылып атат. Атамбев бийликти турганда эмнелерди гана кылган жок. Маалыматтык кара пиарлардын, караламай, боктомой, шыбамай кампаниялардын башында дал ушул Ф. Ниязов турганы эсибизде. Саясий атаандаштарга каршы иштеген троллдордун, фейктердин  армиясы ушул кишинин башчылыгында иш алып барган. Кой-Таш республикасын түзүүнүн башкы идеологдорунун бири болуп, агездеги элди бѳлүп жарууга, бийликке каршы чыгууга үндѳгѳн билдирүүлѳрү кечээги эле тарыхый чындык. Бул жалпы элге белгилүү жаман иштеринин чети гана. Биз билбеген арам иштери канча дейсиз… 

Мына ушул Фарид Ниязов абактан үн катып, анда Орхан Инанды баштаган түрк атуулдарына кыргыз жарандыгынын берилгени мыйзамдуу болгонун айтып, УКМК ѳз ишин аткара албай атканын сынга алып, анын жетекчиси К. Ташиевге акыл үйрѳтүптүр. «Ѳзүнүн башындагы тѳѳнү кѳрбѳй, башканын башындагы бѳѳнү кѳрүптүр» деген ушул. Кайсы арына акыл үйрѳтүп, сынга алууда? Ѳзүнүн шефи президент, досу УКМК башчысы, ѳзү президенттик аппараттын жетекчиси болуп турганда кандай гана мыйзамсыз иштер болбоду. УКМК саясий атаандаштарга жалган кылмыш иштерин токуунун «фабрикасына» айланып калганда, эмнеге досуна акыл айткан эмес? Эмнеге шефин мыйзамдуулукка чакырбаган? Эми мыйзамдуулукту оозанып, ѳзүн периштедей кѳрсѳтүп, актап калганына берекелде! 

Жогоруда шефине дале кызмат кылып атат деп жѳн айткан жокпуз. Ф.Ниязовдун ѳзүнүн пикири, позициясы жок. Ар дайым Атамбаевдин айдагы менен иш кылган, жашаган адам. Бул билдирүүсүн да Атамбаевдин ишаараты, айдагы менен жасады десек болот. Жарыктык киши, ѳмүрүнүн аягына чейин Атамбаевдин таасиринде калат окшойт…