Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 189

- Турат агай, эмнегедир Саакашвили "талибдер  муну менен токтоп калбайт, талиптердин кийинки бутасы Борбор Азия болот" деген оюн айтты. Анын айтканына ишенсек болобу?

- Сакашвилинин айтканындай Борбор Азияга талибдер келер-  келбесин Кудай билет. Бир сөз менен айтканда мен анын айтканына кошула бербейм. Себеби,  алар ислам мамлекетин түздү. Эми Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстандын бийлигинен айырмаланган башкаруу системасын киргизишет.  Шарият жолундагыдай башкаруу кылып, эски каада салт, үрп - адаттарын сакташат. Эгер алар айткандай болсо баары.

- Талибдер кошуна мамлекеттер менен тынчтык келишимин түзөбү же  шарияттагыдай эрежени колдонушабы?

- Мамлекет түзгөндөн кийин кошуна мамлекеттер менен да келишимдерди түзүшү керек. Маселен, эң биринчи тынчтык келишимин түзүшү керек. Анткени, кырдаал алар же биз ойлогондой  болбой  өзгөрүп кетиши мүмкүн.  "Талибан" кыймылынын бийликти колго алдык  дегени менен  мурунку бийликтегилер кайра бийликти колдон чыгарбоонун аракетин көрүп жатышат. Согуш уланбайт деген кепилдик жок.  Афганистандын вице - президенти артка чегинбесин билдирди. Афганистанда мындан аркы  абалы белгисиз болгондуктан, биз күтүп турушубуз керек. Чек араны жакшылап кайтарып, ошондой эле террористтик уюмдарды тыкыр көзөмөлгө алыш зарыл. Мындан ары божомол кылбай чалгындоону күчөтүп,  керектүү органдын кызматкерлери профессионалдык деңгээлде иштеши керек.