Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 262


- Каныбек агай, Ооганстан кошуналарга коркунуч жарата баштадыбы?

- Бул абдан татаал көйгөй болуп калды! Ооганстан өзү, а балким, талибдер деле кошуналарына коркунуч жаратууга батына алышпайт го? Анткени, алардын мойнунда 2020-жылдын 29-февралындагы Катар өлкөсүнүн борбору Дохадагы АКШ менен болгон келишимдин шарттары илинип турат. Ага ылайык, талибдер эл аралык террористтик уюмдар деп таанылышкан ИГИЛ, “Аль-Каида” жана башка  бирикмелерди жаап-жашырып же пайдалануу укугуна ээ боло албайт деп билдирилген. Азыр Батыш менен АКШ ошол макулдашууларды бетине карманышып, талибдерден талап кыла башташты. Бирок бул кагаз жүзүндө эле. Менимче, талибдер өздөрү чоң каалоо менен жогорудагы экстремисттерден арылууга аракет кыла башташты. Анан эмне болот? Албетте, агрессивдүү жоокерликтен башканы билбеген уюмдашкан террористтер сыртка агылып чыга башташат.

- Бийликти толук колуна алган талибдер ички маселеси менен алек болобу же Борбор Азияда таасирин күчөтөбү?

- Бул маселе талибдерден эле көз каранды болуп токтоп калбайт. Талибдердин эң акыркы демилгелери мени абдан таң калтырып жатат. Мисалы, алар атайын жарлык жарыялашты. Ага ылайык кан кууп кек алуу, наркотиктерди өндүрүү, сатуу жана ортомчу болуу, девианттык салтты орнотуу, ж.б. орто кылымдан келген жаман кылмышкерлер үчүн өлүм жазасын киргизишти! Ал турсун пайыз менен бериле турган ссуданы токтотушуп, жарандардын мурдагы карыздарынын баарын кечип жиберишти. Анан албетте, бардык соттор - Шариаттын мыйзамы болоорун аныкташты. Эми мунун баарын так аткарып, өзүнүн мекенин сактап калышса жакшы болот, албетте! Бирок аларга азыр ким ишенет? Талибдердин эң ишенимдүү делинген террористтик уюмдары кайда барат? Алар Борбор Азияга көз артпайт деп ким кепилдик бере алат? Ошондуктан, бул биз үчүн өтө маанилүү суроолор ачык бойдон калууда. Борбор Азиянын авторитардык режимдери дагы өз элине биротоло жаман көрүнүп калганын дагы унутпайлы! Моджахеддик маанай Ооганстанда эле эмес Борбор Азия өлкөлөрүндө дагы күчөп турганы айныгыс факт. Биз муну жөн эле "Кудай сактасын" же "оозуңа таш" деген сыяктуу сооротмо жана саткын түшүнүктөр менен жаап коё албайбыз. Башка маселе, коңшуларыбыз менен бирдиктүү саясатты жүргүзө алабызбы! Кеп ошондо. Мисалы, кечээги эле тажик бийлигинин бизге болгон фашисттик агрессиясын кантип эске албай коё алабыз? Бул жерде Кыргызстан өзү катуу тартип менен куралдуу күчтөрүн бекемдеши абзел! Башка жол жок!

- Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам катары 500дөй студенттик виза бергенге даяр. Ошондой эле, расмий Бишкек 1200 качкынды кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди. Аны уккандар алар менен кошо террористтер келип албайбы деп кооптонуп жатышат... Бул демилгени колдоого алсак болобу?

- Мен бул демилгени колдойм. Бирок ал студенттик виза Ооганстанда жашаган биздин бир боорлорубуз - кыргыз жаштарына гана берилиши керек. Башка ой дагы болбосун. Мындай чара ошол кыргыздарыбызды көчүрүп келип ала турган эң сонун мүмкүнчүлүк деп кабыл алуубуз керек. Анан ошол шылтоо менен Кыргызстанга көрүнгөн террорист кирип кете турган болсо - бул биздин тынчтыкты сүйгөн, айкөл элибиз үчүн орду толгус чоң трагедия болот. Бизде дагы деле саткын чек арачылар менен соттор толтура экендигин унутпайлы! Азыр Пакистан аркылуу оогандыктар учуп келе башташты деп жатышат. Чын болсо бизде фильтрациялык чаралар уюшулганбы же дагы деле ойду-тоону сүйлөп отурушабы? Кеп так мына ошондо! Этият бололу, жакшылар!

- Саакашвилинин “талибдер  муну менен токтоп калбайт, талиптердин кийинки бутасы Борбор Азия болот” деген билдирүүсүн кандайча түшүнсөк болот?

- Михаил Саакашвили абдан креативдүү жана аналитик саясатчы. Мен окугамын.  Ал бул сөзүн 10 жыл мурда эле айткан болчу. Таамай айткан экен, айрыкча америкалыктардын качып кетээрин! Талибдер өздөрүнө келип бийликти биротоло орнотуп алышына көп убакыт керек болот. Бирок дагы баягы ИГИЛдин жоокерлери кандай кадамдарга барышат? Алар Ооганстандын шарттарына көнүп эле отуруп алышпайт го? Талибдер деле аларды биротоло ооздуктап башкарып жүрө беришине күмөнүм бар!

- Афган трагедиясынын учугу кайда жатат?

- Талибдер - бул Пакистандын долбоору. 1994-жылы эле "талибдер - студенттер" деген бренд менен пайда боло калышкан. Ал кезде СССР башында Ахмад-шах Масуд, Дустум жана Хекматияр баштаган моджахеддер менен эле согушуп келишпеди беле? Анан СССР уят болуп жеңилгенден кийин гана талибдер күчтөнүп кетишип, жогорудагы мен атаган 3 сепаратисттерди кууп салышып, 2 жылда эле Ооганстанга өздөрүнүн бийлигин орното алышкан. Ошондон баштап Пакистан, Иран жана Сауд Арабиясы геосаясаттык кызыкчылыктарын күчөтүшкөн!  Талибдер 1996-2001-жылдары Ооганстанды башкарышты. Анан АКШ 2001-жылы Нью-Йорктогу эки мунара имраттарынын талкаланышын шылтоо кылып өздөрүнүн экспансиялык геосаясат оюндарына азгырылышып согуш менен киришкен. Аягында алар дагы, кечээ эле  15-августта  шерменде болуп качышты. Эми кезек талибдердин өзүндө. Өлкөнү оңдоп, туура жолго салып кетишеби? Кеп ошондо! Мен айтаар элем Ооганстанды өзүнүн эли гана (талибдер болсо дагы мейли) ийгиликтүү башкарып кете алат. АКШ, СССР кийлигишип көрүштү эле эмне болду? Шерменде болушту! 40 жылдан бери карапайым элдин каны төгүлдү. Бирок сырткы жырткычка окшогон ири империялардын геосаясаттык оюндары дагы да болсо башталганы турат!

- Эми башка улуттагы террордук топтор Борбор Азияга келиши мүмкүнбу?

- Орто Азия мамлекеттери акыркы 10 жылда өтө эле татаал жолго түшүп алышты. АКШ, Еврокошуун, Кытай жана Россия бул чөлкөмдүн айланасында билинбеген жана көзгө көрүнбөгөн согуштарын жүргүзүп келишет. Анын бир топ себептери бар. Орто Азиянын авторитардык лидерлери өз көмөчүнө күл тартуу менен алек. Демократиялык деген бир аз наамы бар Кыргызстан болсо, коррупционер президенттерине алданып, перманенттик төңкөрүштөрдөн башы чыкпай келет! Фергана өрөөнү кен байлыктарга мол, таза суусу боюнча эң азгырыктуу аймак! Элинин башын бириктирип, интеграциялык күчкө ээ боло ала турган чамалары тайкы. Акыл менен саясат жүргүзгөн лидерлери деле жок. Эгоизм туу чокуда турат. Ири державалар муну өтө жакшы билишет. Ошондуктан, талибдердин бийликке келиши Фергана өрөөнү үчүн геосаяттык күрөштү башкача деңгээлге алып чыгат. Бул боло турган эле иш. Ошондуктан, башка улуттагы террордук топторду пайдалануу мүмкүнчүлүгү бар. Оогандыктардын Орто Азия өлкөлөрүнө качып кире башташы биз үчүн жакшы жышаан эмес. Тажикстан оогандыктардын арасында жашаган 7 млн тажиктери менен ойной башташыптыр. Өзбекстан дагы согушчан маршал Дустумду өз аймагына кабыл алып турат. Пуштундар менен башка улуттар кагылыша турган болсо, аягы кандай болот? Бир Кудай өзү билет! Иши кылса, биздин башчылар акылдуулук жана салкын кандуулук менен тышкы саясатты алып кете алышаар бекен? Жакшылык гана каалайм!

- Талибдер менен мамиле кылсак болобу?

- Талибдер өздөрүнүн негизги программаларын жарыя кылышты. Азырынча канааттандыраарлык десек болот. Бирок өзгөрүп кетишбейби? Менимче, талибдер менен деле мамиле кылса болот. Ана Кытай биринчи кадамга барышты. Орустар деле бир нече сүйлөшүүлөрдү уюштуруп келишкен. Орто Азия өлкөлөрүнүн лидерлери биригүүсү керек! Өткөндөгү Ашхабадда болгон консультациялык жолугушууда бул маселе, албетте, каралгандыр деген үмүтүм бар. Бирок жарыя кылышкан жок. Менимче, ачык эле катуу амбициялык билдирүүрлөрдү чогуу жарыя кыла турган мезгил келип турат. Кечигип калышпаса эле болгону! Азыр дүйнө абдан тездик менен өзгөрө баштады. Ыкчам жана шамдагай кыймыл-аракеттер зарыл, айрыкча биздин өлкө үчүн!

 

Аэлита Сатындиева, Булак: “Майдан. kg” гезити