- Эрнест мырза, президенттин эл ишенимин актоо аракети байкалып жатабы же убактысы текке кетип жатабы?
- Президент эл ишенимин актаганга чоң аракеттерди жасап атат. Бирок бул кадамдар ситуативдүү жана орусча айтсак "ручное управление" менен болуп жатат. Мындай ыкма көп убакытка созулбайт жана натыйжа бербейт. Мунун субьективдүү эмес, обьективдүү себептери бар. Кыргызстанда 30 жылдын ичинде мамлекеттик башкаруу системасы ремонтко жарабай калган. Мамлекеттин башына ким келбесин, өлкөнү натыйжалуу башкара албайт. Тескерисинче, мамлекет ылдый жактан башкарылып калган. Мамлекеттин башында тургандар ар бир маселе боюнча, коррупцияга чырмалашып калган министирликтерге жана мамлекеттик бөлүмдөргө, ошол жерде иштеген кызматкерлерге кайрыла турган болушкан. Акыркылар мамлекеттин кызыкчылыгына эмес коррупционерлерге иштеп калышкан.
Сөзүм куру болбошу үчүн мисал келтирейин. 27-августта энергетика боюнча Коопсуздук кеңеш жыйын өткөргөнү жатышат. Өтө турган Коопсуздук кеңештин сценарийи ылдый жактан жазылып, аларга маалыматты баягы эле энергомафия даярдап бергени жатат. Өкүнүчтүүсү, алар президенттерди каалагандай сүйлөтүп коюшат. Отуз жылдын ичинде энерготармакта коррупция бар деп 30 жолу Коопсуздук кеңеши жыйын өткөргөн. Бирок коррупциянын аты, фамилиясы эмдигиче жок го. Тескерисинче, президенттин колу менен бир - эки жакшы иштеп жаткан, коррупцияга каршы болгон кызматкерлерди жумуштан алып коюшат.
Же дагы бир мисал, бүгүн Садыр Жапаровду ЖЭБ - 2ге алып барып президентти сүйлөтүп атышат "ЖЭБ - 2ни курабыз" деп. Ойлосоңуз, бир ЖЭБ импорттук энерго булактарына көз каранды, эми дагы бирөсү көз каранды болсунбу? Мамлекеттик, улуттук коопсуздук деген түшүнүктү билишеби булар? Азыркы Бишкектеги көмүр менен иштеп аткан биринчи ЖЭБдин электро энергиясынанжаратылыш газ менен чыккан электроэнергия 2 эсе кымбат болот. Муну кайсы келесоо сунуштап жатат президентке?! Токтогулдагы суунун көлөмүн регламентти бузуп түшүрүп, жаратылышка жүктөп, президентти ишендирип коюшту. Дагы көп мисал келтирсек болот, ошол эле 60 млн сомго унаа сатып алабыз дегендер.
Кыскасы, Садыр Жапаровду элге жаман көрсөтүп атышат. Демек, азыркы бийликти ылдыйтан өйдөтө башкарган системаны сындырып, бийликти өйдөтөн ылдый башкарган системаны киргизиш керек. Ал үчүн президент бийликтин катуу вертикалын орнотуш керек. Аткаруу бийлигинин көзүн карабай, бийлик ылдый буйруктарды түшүрүш керек. Президент муну Коопсуздук кеңеши аркылуу жасай алат. Тез арада Коопсуздук кеңештин Положениясын иштеп чыгып, бекитиш керек, Секретариаттын эмес, Коопсуздук кеңештин! Коопсуздук кеңештин аппаратына (секретариатына) ар кайсы тармак боюнча мен деген мыкты, "штучный" специалист, эксперттерди жумушка алыш керек (мамлекеттин ар кайсы тармактарда коопсуздугун сактай турган: коргоо, экономика, азык-түлүк, маалыматтык коопсуздук, энергетика ж.б.). Мисалы экономика жана финансы министрин токтото ала турган спецтер бар. Маалыматтык коопсуздукту түзөтө турган адистер бар. Учурда өлкөдөгү абалды аскердик абал менен теңесек болот. Эгерде кризисти, пандемияны, дүйнөдөгү, региондогу абалды эске алсак. Аскердик абалга таянып бийликтин катуу вертикалын орнотпосо, булар президентти уят кыла беришет жана элдин наразычылыгын күчөтөт. Бийликти сакташ, жана күчөтүш үчүн конституциялык мыйзамдарды, шайлоону, жаңы депутаттарды күтпөй, азыр президент Коопсуздук кеңешти пайдаланыш керек. Болбосо, мамлекеттик машинаны эл үчүн, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн иштетиш болбойт! Коопсуздук кеңештин жаңы Положениясын киргизип, адистерди топтоп, биринчи өлкөнүн жалпы коопсуздугу боюнча Кеңеш өткөзүш керек: Кыргызстан кандай акыбалда, кандай кооптонуулар бар, кайсы глобалдык жана регионалдык башкаруу борборлордун таасирин эске алып, ички ынтымакка кантип келебиз, элдин жашоо-турмушун кантип оңойбуз, мамлекеттин, элдин жана жарандын коопсуздугун кантип сактайбыз, ж.б. маселерди эске алып, Кыргызстандын жаңы Коопсуздук Доктринасын жарыялаш керек!
Албетте, бул маселелерге бийликти сактоо, жана күчөтүү дагы кирет. Башка жол жок. Натыйжалуу мамлекеттик башкарууга өтүш үчүн биз баарыбыз президентке жардам беришибиз керек.