Равшан Жээнбеков чет өлкөлөрдүн атайын кызматтары менен жашыруун байланыш түзүп, улуттук кызыкчылыктарыбызга каршы келген иштерди жасап жүргөндүгү үчүн кайрадан камакка алыныптыр.
Бул маалыматка таң калуунун кереги жок. Равшан Жээнбековдун АКШ башында турган Батыштын кызыкчылыктарын жактап, иш жүргүзүп, алардын бул жердеги «буюртма аткаруучусуна» айланып калганына көп болуп калды. Демократияны, адам укуктарын оозанганды жакшы көргөн Равшан мырза АКШны пир тутат. Алардын бардык «заказдарын» аткарып, ыраазычылыгына ээ болуу үчүн Кыргызстанды сатып ийгенден да кайра тартпайт. Өлкөбүздө акыркы жылдары Батыштын патронажы менен өткөрүлгөн көптөгөн митинг, нааразылык акцияларына Равшан Жээнбеков активдүү катышып келди, аларды башкы уюштуруучуларынан да болду. Батыштан каржыланган НПОчулар менен тыгыз иштешет. Бир ирет Батыштын донорлорунун өкүлдөрү менен жашыруун жолугушуусуна да күбө болгонбуз. Өлкөнүн кызыкчылыктары, улуттук баалуулуктар деген нерселер Равшан мырзаны ойлонтуп да койбойт. Батыштын саясий, каржылык колдоосу менен өкмөт башчы, президент болсом дегенде эки көзү төрт. Бирок ал кызматтарды чет өлкөлүктөр, алар тарабынан каржыланган грант жегичтер эмес, кыргыз эли чече тургандыгын эстеп жүрсө ашыкча болбойт эле.
Тергөө иштери эми гана башталды. Равшан Жээнбековдун канчалык деңгээлде Батыштын атайын кызматтары менен алакалашып кеткендигин, өлкөнүн коопсуздугуна канчалык зыян келтиргендигин тергөөнүн жыйынтыктары көрсөтөт. Өлкөнү ичтен ириткиси келгендерге Жээнбековдун тагдыры сабак болор бекен…
