Акыркы кезде соцтармактагы айрым фейк аккаунттар аркылуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин кадыр баркына доо кетирген ушактар байма бай жайылтыла баштады. Анын башкы максаты - Ташиевди ажого жаман көрсөтүп, экөөнүн достугун бузуп, чабыштыруу экендигин бешиктеги бала деле билип калды. Бирок, бүгүнкү бийликтин, айрыкча Ташиевдин оппоненттери жарытылуу эч нерсе таба албагандыктан, жөө жомокторду токууга аргасыз болуп жатышат. Кезектеги ушактар мобуреки унаага байланыштуу...
УКМК төрагасынын бүгүнкү күндө душмандары көп, себеби, коррупцияга каршы чечкиндүү аракет көрүүдө, казынага суук колуңду салдынбы, ким болбогун, уурдаган мүлктү кайтарасын, мыйзам алдында дагы жоопкерчилик тартасың. Мына ошолордун баары душман. Арийне, ушундай болгондуктан, УКМК төрагасынын дагы мамлекетке жасап жаткан иштери үчүн коопсуздугун ойлонушубуз керек. Унаа дагы ошол максатта алынган болушу мүмкүн.
Бирок, баса белгилеп айта турган нерсе - фейктер жазып аткандай, бул унаа үчүн мамлекеттен миллиондор эмес, бир тыйын дагы коротулган эмес! Башка, чындыкка жакыныраак нерсе ойлоп тапсанар боло! Аны оңой эле текшерсе билинип калат. Деги качан тынчыйсынар? Силерге элибиздин жакшы турмушта жашашы керек эмеспи?