Экс-депутат Өмүрбек Абдырахманов соцтармактагы баракчасына Польшанын президенти элине жардамды кантип берээрин жазды:
- Президент жабыр тарткандарга жардам бергенин өкмөттүк жана башка сайттар жазып жатышат. Жардам бергени жакшы дечи… бирок…
…1995-жылдар болсо керек эле, Кыргызстанга Польшанын ошол кездеги президенти Квасьневский келип калды. Официалдуу жолугушуулар бүткөндөн кийин демократиялык автивисттер менен жолукту. Сөздөн сөз чыгып бир журналист Польшанын президенти белекти башкаларга кантип берет деп сурап калды. Анда Квасьневски: «Польша демократиялык мамлекет куруп жатат. Президент катары көп адамдарга жардам, белек же букет бергенге туура келет. Эгер мен бул «Польша элинин атынан» деп берсем же менин атымдан ушинтип берилсе, чыгым бюджеттен кетет. А эгер мен жөн эле берип койсом, анын баасын менин айлыгымдан кармап калышат», - деп бизди таң калтырды эле….
Азыр Польша өнүгүү жолунда, Европа биримдигинин негизги мүчөлөрүнүн бири болду…
Демократиялык система кура алсак биз да өнүгөт элек.