Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 173

- Турсунбек агай, акыркы мезгилде Президенттик аппараттын башчысы сынга кабыла баштады. Ал чынап эле иштин көзүн таппай жатабы же тескерисинче анын жакшы иштери байкалбай көз жаздымда калып жатабы?

-Кыргыз Республикасынын президенттик апаратынын башчылык кызматын аркалап жаткан Сүйүнбек Касмамбетов билимдүү, мамлекеттик кызматиты мыкты өздөштүргөн инсандардан. Ал оор мезгилде жооптуу кызматты аркалаганына карабай  жакшы иштеп, дасыккан кадр экенин тастыктап жатат. Мамлектетик кызматта иштеген көп жылдык  тажрыйбасын мүмкүн  болушунча пайдаланып, мамлекетибизге чын дилинен кызмат кылууда. Эң оор учурларда Президенттик аппараттын башчысы болуп иштеп, президентке чоң жардам берип жатат. Ошондуктан анын ишин сындап, эмгегин жокко чыгарууга мүмкүн эмес. Ал башкаларга жөн эле кабинетинде отуруп, анча-мынча маселе менен эле баш катырып жүргөндөй сезилгени менен анын түйшүгү оор. Тагыраагы, президент  ким менен жолугат, кайда визитке барат, баары Сүйүнбек  Касмамбетовдун уюштуруусунда ишке ашат,  чынында аппарат башчынын жумушу башкаларга оңойдой сезилгени менен техникалык оор жумуш. Анын мамлекет үчүн жасаган эмгегин баалабагандар сындап жатышат. Билген кишиге Сүйүнбек Сапарбекович  президенттин жеңилин жерден, оорун колдон алып жатышат. Ар бир жолугушууну жана  мамлекеттик деңгээлдеги иш чараларды уюштуруунун көпчүлүгү Сүйүнбек Касмамбетовдун жардамы менен ишке ашат. Эмгегин байкабагандар сындай бериши мүмкүн. Чынында президенттик аппараттын жумушу техникалык оор жумуш. Мен Президенттик аппаратка эки күндө бирден барам. Сүйүнбек Сапарбековичтин оор учурда иштеп жатканын кандай кыйынчылыктарды басып өткөнүн,  кандай кыйынчылыктарга туш болуп жатканын көрүп билип эле жатам. Кыскасы, Сүйүнбек Касмамбетов оор учурда иштеп, кыйынчылыктарга карабай өзүн жакшы көрсөтүп жаткан мамлекеттик кызматкер.

- Баса, Президент Ат-Башыга логистикалык борбор куруу сунушу менен элге кайрылды. Эл кандай чечим кабыл алат?

- Ал маселе Абылгазиев премьер-министр болуп турган мезгилде де да көтөрүлүп, логистикалык борбордун капсуласы салынып, иш башталган. Бирок, каршы чыккандардын, нааразычылык акцияларды уюштургандардын айынан токтоп калган. Садыр Жапаров мурунку жетекчилерден айырмаланып, кол алдындагыларды жөнөкөй эл менен жолугушууга өзү барды. Логистикалык борбордун артыкчылыктарын айтып, элдин жумуш орундары менен камсыз болооруна токтолуп, маселени ачык айтып, ак сүйлөп чечүүгө аракет кылды. Тагыраагы, логистикалык борбордун курулушуна  каршы болсоңор Балыкчыга же башка регионго курдурабыз деди.