- Сабыр мырза, акыркы учурда Президенттик Администрациянын башчысы Сүйүнбек Касмамбетовго бир беткей каралоолор жүрүп жатат. Ал киши тууралуу сиз эмне айта аласыз, кадр катары деңгээли кандай? Президенттик Администрациясын татыктуу эле башкаруудабы?
- Сүйүнбек Касмамбетов такшалган аппаратчик, өз ишин мыкты билет. Таасирдүү саясатчылардын баары сый мамиле кылышат, анткени түз жүргөн, кыйшык - мыйшыңы жок, адамкерчиликтүү адам. Мен аны өткөн кылымдын 90-жылдарынан бери тааныйм. Бирөөгө кыянатчылык кылып же бир жаман ызы-чууга кабылбай, эскисине да, жаңысына да өз киши боло калбай мамлекетчил болуп келе жатат. Азыркы асылуулар деле ага эмес, Садыр Жапароаго багышталган. Бул - президенттин командасындагыларды дискредитация кылып отуруп, бийликти талкалоо тактикасы.
- Мамлекеттик катчы кызмат оруну буйрубай калганына Каныбек Осмоналиев катуу капа болуп жатат. Буга Касмамбетовду күнөөлөгөнүн да жашырган жок. Президенттик Администрациянын жетекчиси Каныбек Осмоналиевдин мамлекеттик катчы болушуна бут тосту дегенге ишенүүгө болобу?
- "Эр жигиттин ичине ээ токумду ат батат"- деген... Каныбек байке "не по адресу" эле таарынып жатат. Касмамбетов "не причем", ал баягысындай эле агайым деп, эмне болуп кеткенин түшүнө албай отуруптур, бүгүн жолуксам. Мамлекеттик катчы болом деген адам кичине көтөрүмдүү болуш керек да, жаш баладай таарынчаак болбой. Кечээ, "акылы тайкы экен"- деп чыкканда, "ой, ушуну эле коюп койбойбу"- деп бийликке нааразы болгон коомчулук, Осмоналиевдин "Aryba" сайтына чыккан бала таарынычтарын уккандан кийин "ай, туура эле койбой койуптур, Садыр билген тура"- деп жатышат.