Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 599

Парламент депутаты Дастан Бекешев кайсы бир маселени көтөрүп жатканда дайыма өзүн акылдуу жана чынчыл адамдай көрсөтүүгө аракеттенип, мамлекетке кантип жашоо жана эмне кылуу керектигин үйрөтүп келет. 

А иш жүзүндө чындап эле ушундайбы? 

2012-жылы өлкө тарыхында "Кумтөр" алтын кениндеги "Центерра Голд" компаниясынын катастрофалык  масштабдуу экологиялык эреже бузуулары биринчи жолу аныкталганда, депутаттык комиссиянын чечими Жогорку Кеңештен колдоо тапкан эмес. 

Депутаттар комиссиянын ишине ар кандай тоскоолдуктарды жаратышкан, анткени, олчойгон акчанын кармап турган "Центерра" парламенттин ошол чакырылышындагы депутаттарды сатып алган. 

Дастан Бекешев "Центерраны" актап-жактоого активдүү киришип, чет элдик компаниянын "чаңын күбүгөн" жана комиссиянын чечимине каршы добуш берген коррупцияланган депутаттардын бирине айланды. 

Ал жана башка депутаттар чет өлкөлүк компаниянын кызыкчылыгы үчүн өлкө кызыкчылыгын сатышты! 

Ушундан кийин Дастан Бекешев кыргызстандыктарды кантип чынчылдыкка баштап, эмне туура, эмне туура эмес экенин  үйрөтүп жатат?!

Өткөн жылы парламенттик шайлоонун алдында Бекешев дагы активдүү боло баштаган, бирок "Реформа" партиясынан эле сунуш алды, анткен менен бул партиянын шайлоодон жеңип чыгууга мүмкүнчүлүгү жоктугун түшүнөөрү менен дароо четке чыга качты. 

Дастан Бекешевдин азыркы активдүүлүгү күзүндө болчу парламенттик шайлоого гана байланыштуу. 

Убакыт өтүүдө, а Бекешевге окшогон депутаттар өзгөрбөгөн бойдон калышты.