- Улук мырза, Масадыковдун вице-президенттик кызматка бекиши президент оппоненттерин кызматка тартып жаткандан кабар береби?
- Таалатбек Масадыков боюнча биздин элде көп деле маалымат жок. Өмүр бою эле Россия Федерациясында чалгындоо кызматында иштеп жүрүптүр. Демек, президенттин бул кишиге атайын жаңы орун түзүп алып келгени - азыркы бийликтин кадр маселесиндеги мүчүлүштүктөрдү, мамлекеттин сырткы саясатындагы катачылыктарды көрө билген башка империялык амбициясы бар мамлекеттер жөн отурбай түрдүү жолдор менен биздин ички саясатыбызга кийлигише баштаганынн белгиси. Тагыраагы, Масадыковдун таасирдүү кызматка келишине Кремлдин түздөн түз тиешеси бар деген ойдомун.
- Эми Масадыков президент жана башкалар үмүт кылгандай иштейби же интригага аралашып, таасирин жогорулатам, бийликти колго адам деген ойду ишке ашыруу менен алек болобу?
- Масадыков келип калып эле иш илгерилеп баары оңолуп саясат туура жолго түшүп кетет дегенден алысмын. Анткени, бир адам менен маселе чечилбейт. Президенттин туруктуу идеалдуу командасы жок экени көрүп жатабыз. Ал алып келген адамдары чекеден эле коррупцияга шектелип, пара алып камалып жатышат. Эсиңизде болсо, мен бир берген интервьюмда президент мамлекетти оңоймун десе өзүнүн опоненттерине чоң кызматтарды сунушташы керек деп айтканмын. Мына ошол оппоненттердин бири Масадыков болгон. Бирок бул киши эң эле жумшак, буга чейин курч саясатта аралашпаган, президенттерге катуу айтпаган оппонент. Бул орунга күчтүү саясатчыларыбыз деле бар болчу. Эми Масадыков кандай иштеп берет убакыт көрсөтөт ийгилик каалап туралы.