М-Вектор иликтөө компаниясы элдин жогорку бийликке болгон ишенимин билүү максатында атайын сурамжылоо жүргүздү.
Иликтөөнүн жүрүшүндө, жарандардын 80 %ы президент С. Жапаровго ишеним артаарын, же толугу менен ишенерин билдиришсе, президенттин айткандарына ишенбей тургандыктарын 6 %ы айтышкан.
Мындан сырткары, респонденттерге мамлекеттик органдарга болгон ишенимдери боюнча да суроолор берилген. Суралгандардын көпчүлүгү, тагыраагы 72 %ы армияга ишенерин айтышса, 53 %ы диний уюмдарга, 53 %ы өкмөткө ишеним артарын айтышкан. Ал эми суралгандардын дээрлик көпчүлүгү саясий партияларга ишенбей тургандыктарын белгилешкен. Так айта турган болсок, парламентке суралгандардын - 69 %ы, сотторго 61 %, прокуратурага – 51 %, милицияга – 47 %, УКМКга – 49 % ишенишпей тургандыктары маалым болду.