Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 156

- Сонунбүбү эже, президент бейөкмөт уюмдар тууралуу талаштуу мыйзамга кол койду. Эми душманын ого бетер көбөйтүп, жарандык коомдун сынына калбайбы?          

- Президент ушул кезге чейин коомдо эмне ашыкча, эмне мамлекеттин өнүгүшүнө тоскоол болуп жатат, кандай нерселерди ишке ашырса элге пайдасы тийет деген суроолордун үстүндө ойлонуп, ушул орунга даяр келгени билинип турат. Бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзамга да кол койгону туура чечим болду. Булар элдин ыркын кетирип, мамлекеттин бүтүндүгүн бузгусу келип, биздин өнүп-өскөнүбүздү көрө албаган бузуку долбоорлорду ишке ашыргычтар. Эгер  ызы-чуу кыла берсе таптакыр жоюп салса деле мамлекет эч кандай зыян тартпайт.

Мыйзам күчүнө кирсе, буларга акча кайдан келип жатат, кимдин максаттын ишке ашырып жатканы билинип, кимдин бакма күчүктөрү экени ачыкка чыгып  калат дешип, кооптонуп жатышат. Ошон үчүн болушунча президентти сындашат. Бирок адамдан айла-амал качып кутулбайт эмеспи. Башка куулук-шумдуктарды ойлоп таба беришет го деп чочулап турам. Ошондуктан бейөкмөт уюмдарды таптакыр эле жоюп салыш керек деген ойдомун.

- Бирок анткениңиз менен коомчулукта аларчалык укугу тепселген кишиге, карапайым элге эч ким күйбөйт деген  пикирдегилер да арбын го?

- Булар эч убакта элге күйгөн эмес, күйбөйт дагы. Жалаң бузуку иштин өсүп- өнүгүшүн колдоп, элдин акылын чаргытып, коомду албарстыдай азгырып турган дүйнөлүк чоң саясаттын жоокерлери. Тагырагы бейөкмөт уюмдар ошолордун ойлоп тапкан механизми.

Мисалы, мамлекетте болуп жаткан жагымсыз иштердин тамырын таап, өзөктүү иш алып баргысы келбеген, тескерисинче ошол иштин ырбап кетишине жол ачкан  азыркы  бузуку замандын  оорусу. Чыкпаган киринедей элдин башын оорутуп, мамлекетти алсыраткан бөлүп-жаргычтар.

Булар мамлекет ата-бабадан келе жаткан нарк-насилин карманып, өсүп- өнө турган жолго түшүшүнө тоскоол болушат. Ошон үчүн  күнү -  түнү тикирейип уктабай кайтарышып,  ал жолду мокочо кылып көрсөтүүнүн үстүндө гана ойлонушуп кызылдай акчаларды чачып болсо да элдин аң сезимин өзгөртөбүз деген  бузукулар.

Тагыраагы, буларга бул мыйзам да  алсыздык кылат, таптакыр жоймоюнча чырмооктой болуп коомду бууганы бууган.

Чынайым Кутманалиева