Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 128

- Ташболот агай,  Камчыбек Ташиевдин президентти атайылап шылдыңдап, жаманатты кылган адамдарга карата чара көрүү зарылчылыгын айткан сөзү коомчулуктун талкуусуна калды. Президентти шылдыңдагандарды сөз эркиндиген пайланаып жатат десек болобу?

- Президентти, ошол эле учурда карпайым адамдарды деле шылдыңдаган, сөккөн маданиятка да, кыргыздын салтына да жатпайт. Андай нерселерди маданияты жок адамдар жасайт. Тагыраагы, президенттин авторитетин ошондой жолдор  аркылуу түшүрөм дегендер болсо, алар түркөй адамдар десек болот. Бирок, президентти да жөнү менен, аргументтер болсо  сындап, чымчылап  турушубуз керек. Мисалы, "муну убада кылдың эле унутуп калдың", "муну бүтүрдүм дедиң эле калп болуп чыкты" дегендей фактылар менен президентти түрткүлөп турса ал орундуу эле сын болот. Айтайын дегеним, шылдыңдаган, сөккөн сөз эркиндиги эмес, ал жапайычылык. Кыргыздар акырындык менен саясий маданиятка үйрөнөт деген каалоом, ишеним бар. Бирок, ошол эле учурда президенттин тарапкерлери да, кандайдыр бир жүйөлүү сын айткандарды дагы сөгүп, кагып, кандайдыр бир оозго алгыс сөздөрдү колдонбошу керек.