Шайлоонун үгүт иштери башталаары менен бирге эле анын шайтан оюндары да жүрө баштаганы байкалды. Айрым республикалык гезиттер президенттикке №1 талапкер Камчыбек Ташиевдин рейтингин түшүрүү максатында, анын өлкөбүздүн аймактарындагы эл менен болгон жолугушууларынан да кынтык издегилери келет. Борбор шаарда туруп алып эле Камчыбек мырза менен жолугушууга канча эл келгенин, кандай кабыл алганын далысы менен сезе коюп, жазып ийген жазмакерлерге дабаа жок тура.
Карапайым калктын камкордугун көрүп келген Камчыбек Кыдыршаевич айрым талапкерлердей шайлоонун алдында гана өзүн көрсөтүш үчүн чыга калбаганын жамы-журт билет. ӨКМ министри болуп турганда, депутаттык кызматты аркалап турганда да өз чөнтөгүнөн жакыр жашаган үй-бүлөлөргө, жардамга муктаж адамдарга, шарты жок алыскы айыл-кыштактарга суу чыгарып, көпүрө куруп, жол салып берип атканын бийлик сересиндегилер менен ошолордун эсебине иштеп аткан жазмакерлер көрүп турса да көргүлөрү келбейт.
25-сентябрдан тарта Кыргызстандын аймактарына иш сапар менен аттанган Камчыбек Ташиев адегенде эле алыскы Чаткал районунан баштады. Эске сала кетсек аталган районго май айында да барып келген. Ошондо жолугууга келген эл “Биздин районго жаңы бийликтин өкүлдөрүнүн бирөөсү да басып келе элек. Депутаттардан биринчи болуп сиз келип атасыз,”– дешип терең ыраазы болушкан. Бул жолу да «Эр кадырын эл билет» демекчи, Камчыбек Ташиевдин буга чейин эле карапайым калк үчүн жасап келген камкордугу, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн эч кандай жолтоолуктарга буйдалып калбас тайманбастыгынан улам эл арасындагы кадыр-баркы мамлекеттик деңгээлде, улуттук лидер катары калыптанып калгандыгын көрсөттү. Жолугушууга агылып келген тургундардын саны үч миңден ашуун болду. Май-июнь айларындагы өлкөбүздү түрө кыдырып жүргөн убакта Чаткал районунун Жаңы-Базар айылында жайгашкан Ыдырыс пайгамбардын күмбөзүнүн абалы начар экендигин, аны оңдоп-түзөөгө жардам берип коюусун жергиликтүү тургундар суранган болчу. Кудай буйруса, эми бул күмбөз дагы узак убакытка чейин сактала турган болду. Анткени эл алдында убада берген күндөн тарта эле, Ыдырыс пайгамбардын күмбөзүнүн үстүн оңдоп-түзөөгө белсене киришкен Камчыбек мырза кечээ жакында эле ишти толугу менен аяктап, жаңыланган күмбөздүн кызыл тасмасын өзү кести. Мунун өзү Камчыбек мырзанын берген убадасына тураарын далилдеп, куру сөз, куру убадалардан алыс экендигин билдирди.
Ошол эле күнү Ала-Бука, Аксы райондорунун да эли менен жолугууга барган №1 талапкерди 4-5 миңдин тегерегиндеги калың эл тосуп алган. Ал эми айрым республикалык гезиттер бул маалыматты тескерисине буруп, “Аксыда Ташиев менен жолугушууга 300 адам келди”,- дешип, оозу-мурду, колу кыйшыйбай эле жазып жиберишти. Жалган айтуунун да чеги болот. Бийликтегилерге караганда карапайым элге жан дүйнөсү жакын талапкерди бүтүндөй кыргызстандыктар, анын ичинде Аксы эли да терең урматтарын айтпай кетсек болбойт. Аталган райондо аксакалдардан чыт курсак балдарга чейин келген жергиликтүү тургундар К. Ташиевди жылуу тосуп алышып, карапайым калк үчүн жасап жаткан иштерине терең ыраазы экендиктерин билдирип, ак баталарын берип узатышкан.
Эгерде Аксы эли буйрутма макалаларды катыра жазган айрым гезиттердеги чагылдырылган маалыматтарды окуп калышса, кандай кырдаал түзүлөөрүн башынан эле билебиз. Чындык, акыйкаттык дегенде, октон да, кылычтан да жалтанбасын аксылыктар карт тарыхта дагы, жаңы тарыхыбызда дагы тастыктап келишет. Андыктан кагаз бетин чиймелеп, булгаар алдында да терең анализ жүргүзүп, кандай майнап чыгаарын иликтеп көрүш керек го. Акаев заманында акыйкаттык үчүн канча аксылыктардын каны акты эле? Же буйрутма макала жазган жазмакерлер кургак отунга өрт коюп ойногулары келүүдөбү? Түшүнбөйсүң. “Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө” деген кыргыздын лакап кебин эске алып жүрсөк туура болчудай.
Үгүт иштери башталган 25-сентябрдан 29-сентябрга чейин Камчыбек Ташиев өлкөбүздүн 12 жеринде жолугушуу өткөрдү. Барган бардык жерлеринде, кичинекей айылдарды эсепке албаганда, 3 миңден 5 миңге чейин жергиликтүү тургундар келип, талапкерди келечектеги Кыргызстандын президенти катары тосуп алып жаткандыгын билдирип коелу. Президенттикке талапкер Камчыбек Ташиевдин платформасы 7 бөлүктөн туруп, “Кыргызстанды өнүктүрүүнүн 7 кадамы” деп аталат. Анда негизинен мамлекеттин экономикалык жана социалдык жактан өнүгүүгө жол алуусунун бардык жол-жобосу камтылган. Жолугушууга келген эл К. Ташиевдин платформасы менен таанышып, анын ойдон чыгарылбаган, куру убада, кургак сөз эмес экендигине ишеним артышты. Бүгүнкү күндө Кыргызстанга чындыкты айтуудан тайманбаган, жоо келсе жалтанбаган, карапайым элдин турмушун ичинде аралашып түшүнгөн К.Ташиевдей президент керек экендигин жолугушууга келген эл тарап жатканда бири-бири менен пикир алышууларында билдирип жатышты. «Сөз чынынан бузулбайт» дейт кыргызда. Андыктан эл колдоосуна ээ болуп жаткан талапкерди курулай көөлөө менен пайда табылбасын айрым жазмакерлерге эскертип коелу. Эл тараза, эл тандайт!
«Алиби» гезити, №74, 30-сентябрь