Бишкек, «Саясат kg» - Дыйкан Байаман. Нарын шаарынын борборунда саат 15:00до башталган президенттикке №1- талапкер К. Ташиев менен болгон жолугушууга шаар тургундары өзгөчө агылып келди.
Жергиликтүү тургундардын айтымында Ташиевге чейин келген талапкерлерге болгону 200-300түн тегерегинде гана адамдар катышкан. Жалпы жонунан 5000дин тегерегинде чогулган элди көрүп, “Ташиев түштүктүн гана кадры” деп айтып келген айрым саясатчылардын сөзү төгүн экендигин баамдадык.
Жергиликтүү тургундардын айтымында буга чейин келген талапкерлер атайын эл менен жолугууга келбей эле, элди Ташиевге каршы үгүттөө багытында келгендей таасир калтырышкан. Себеби, барган жерлеринде “Ташиевди шайлабагыла, ал түштүктүн гана кадры” деген сөздү көп айтышкан. Ташиевдин “Түндүк-түштүккө эч качан бөлүнбөйлү.
Биз бир болсок, мамлекетибиз да бүтүн болот, экономикабыз көтөрүлөт” деген чакырыгын бүгүн эле эмес, мурдатан эле угуп келген калың эл алдыдагы шайлоодо кимди тандашаарын азыртадан эле чечип коюшкан. Кандуу апрель революциясында Нарын облусунан 51 адам курман болгон экен.
Мына ушул адамдарга кандай жардам болоорун билгиси келген тургундарга Ташиев “Апрель баатырлары” деген мыйзам долбоорун иштеп чыккандыгын жана аны парламентке өткөрүп бергендигин билдирди. Кудай буйруп, бул мыйзам долбоору парламентте кабыл алынса, курман болгон баатырлардын үй-бүлөсүнө жетиштүү түрдө ай сайын жөлөк пул берилип турмакчы. Нарындыктардын К. Ташиевди мындай чоң кызыгуу менен жылуу тосуп алышы карапайым эл эч качан түндүк-түштүккө бөлүнбөй тургандыгын айгинелеп койду.