Бишкек, «Саясат kg». Кыргызстандын калкынын кайсы катмары болбосун, баары социалдык жактан толук турдо, натыйжалуу коргоого алынат. Айрыкча бул багытта мамлекеттин жардамына муктаж жарандарга системалуу план иштейт. Мындай пикирин КРнын президенттигине №1-талапкер катары катталган Камчыбек Ташиев Жумгал районунун тургундары менен болгон жолугушууда айтты.
Жумгалдыктар негизинен тоолуу аймакта жашап келишкендиктен, биринчи талапкерге аларсоциалдык койгойлорду чечуу маселесин коюшту. Жообунда Камчыбек Ташиев пенсия, пособие сыяктуу жолок пулдарды беруу ишинде азыр мамлекет кыйла аксап жаткандыгын белгилеп, социалдык маселелерди президенттикке талапкер катары оз программасында биринчи катарга койгондугун билдирди.
Айтымында, камкордукка алына турган коп балалуу уй-булолорду, балалуу энелерди колдоо иши, азыркы талаптарга жооп бербейт. Ошондуктан ар бир энеге тапкан баласы учун уй-булолук шартына карабастан жолок пул толонот. Биринчи талапкер президент болуп шайланса ар бир ымыркайга суйунчу пул катарында мамлекет тарабынан 13800 сом толонуп берилет. Оз созундо Камчыбек мырза олкодогу тартип маселесин да которду. Ал учун биринчи кезекте мыйзамдын устомдугун жургузоорун айтып, жарышта утуп чыкса жаны революциялардын жуз албашына, ага жол бербоого, аны менен бирге бийликти эл козомол кыла тургандай шарт тузуу учун оз кучун жумшаарын айтты.
"Мен президент болуп шайланып кала турган болсом, коррупционерлердин баары турмого отургузулат. Бироо да четте калбайт. коррупциялык иштери аныкталгандардын баарынын жазаларын беребиз. Мамлекетти уурулардан , кылмышкерлерден тазалоого бир жыл убакыт жетет.Бул биздин башкы милдетибиз. Эгерде биз коррупцияны тыя албасак, биз эч качан жакшы турмушка жетпейбиз. Буга боркунуздой ишенип коё бериниз" деп айтты талапкер.
Ташиев коррупциянын мамлекеттик денгээлге чыгып кеткени тууралуу бир мисалы катары куйуучу-майлоочу майлардын контрабандалык жол менен Тажикстанга ташылып жатканын белгилеп, мындай иш бийликте отургандардын колунан гана келип жатат. Контрабандалык иштерди жасап жатышкан адамдар бийликке келип кала турган болсо, бугунку контрабанда эртен он эсеге осуп кетээрин кошумчалап, ошондуктан мамлекет башчысын акыл калчоо менен тандоого шайлоочуларды чакырды. Жолугушуу аягында жумгалдыктар Ташиевге ишеним артып отурушканын билдиришип,Жумгалда боло турган кийинки жолугушууларга президент болуп келиниз деген тилектери менен баталарын берип узатышты.