Печать
Категория: Президенттик шайлоо
Просмотров: 717

Бишкек, «Саясат. kg».   Саат 20.00дө аяктаган добуш берүүнүн алгачкы жыйынтыктары ачыктала баштады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын shailoo.gov.kg сайтында электрондук эсеп боюнча добуш берүүлөрдүн алгачкы жыйынтыгы жарыяланууда.

 

Андагы маалыматка таянсак, азыр КСДП партиясынан президенттикке   талапкер болгон Сооронбай Жээнбеков 718 миңден ашык добуш менен алдыда баратат.

 

Экинчи орунда 452 миңден ашуун добуш алган  Өмүрбек Бабанов келатат.

 

87 миңден ашык шайлоочунун добушу менен Адахан Мадумаров болсо,  андан кийин Темир Сариев болууда. Алдын ала эсептер боюнча ага шайлоочулардын 33 миңден ашууну добуш берген.

 

Электрондук эсеп секунда сайын жаңыланууда.