Печать
Категория: Президенттик шайлоо
Просмотров: 627

Бишкек, «Саясат. kg».  Кара-Кулжа районунун тургуну шайлоо бюллетенин шайлоо аймагынан алып чыгып баратканда кармалды.

 

Ыкчам реакция кылуу координациялык тобуна бүгүн саат 12:30да  Ош облусундагы Кара-Кулжа районундагы №5009 шайлоо аймагынан шайлоочу шайлоо бюллетенин алып чыгып кеткени тууралуу маалымат келип түшкөн.

 

Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, бул факт видеого тартылып калган.

 

Факт боюнча милиция кызматкерлери А.С. аттуу жаранды кармашкан. Ал провокация жасоо максатында бюллетенди урнага салбай, сыртка чыгарып кеткен. Жаран камеранын алдында мындай кадамга АШКнын мүчөлөрү бир талапкерге добуш бер деп басым жасаганынан улам барганын айтып берген.

 

Жаран «Республика» партиясынын райондук координатору К.М.дин эжеси экендиги белгилүү болгон.

 

Андан аркы чара көрүү иштери үчүн материалдар ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.