Печать
Категория: Президенттик шайлоо
Просмотров: 414

Бишкек, «Саясат. kg».  “Токмокто шайлоочулар өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен тапкан жок” деген «24.kg» маалымат-басылмасына 15:20да жарыяланган Акыйкатчынын басма сөз кызматынын арызы  боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тийиштүү  текшерүү жүргүздү.

 

“Токмокто шайлоочулар өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен тапкан жок” деген «24.kg» маалымат-басылмасына 15:20да жарыяланган Акыйкатчынын басма сөз кызматынын арызы  боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тийиштүү  текшерүү жүргүздү.

 

Токмок шаарындагы №7071 шайлоо участкасынын төрагасынын түшүндүрмөсүнөн белгилүү болгондой эки шайлоочунун арызы алынды, алардын аты жөнү Токмоктогу шайлоочулардын тизмесинен чыкпай, Бишкек шаарынын бир шайлоо участкасынан чыккандыгы маалым болду.

 

Бул факт боюнча акты түзүлүп, андан ары кароо максатында  укук коргоо органына жана Өкмөт алдындагы МКК жиберилди.

 

С.Э. шайлоочу боюнча эч кандай арыз (даттануу) №7071 УШКга түшкөн жок.

 

 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү