Печать
Категория: Президенттик шайлоо
Просмотров: 562

Бишкек, “Саясат. kg”. Борбордук шайлоо комиссиясы качанкыга чейин үгүт иштерин жүргүзүү мыйзамдуу болоорун маалымдады.

 

БШК  “КР  президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамынын 23-беренесине ылайык, өлкөдө 14-октябрда үгүт иштери токтотула турганын жарыялаган.

 

Аталган беренеде "шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда токтойт" деп жазылган.

 

“Мыйзамда үгүт иштери мыйзамда бир күн калганда токтотулат деп жазылган. Тактап айтканда, үгүт жүргүзүү иши бүгүн  аяктайт. Түнү  эч ким үгүт ишин жүргүзбөйт. Мыйзамды БШК аткарат”, - деди БШКнын мүчөсү Назарали Арипов.

 

Ошондой эле белгилешинче,үгүт жүргүзүү 14-октябрда таңкы саат 8:00дө токтотулат.