Печать
Категория: Президенттик шайлоо
Просмотров: 635

Шайлоо шаңдуу боло баштады... 

 

4-октябрда КТРКда президенттикке талапкерлердин кезектеги теледебаты болду. Бул сапар талапкерлер Сооронбай Жээнбеков, Өмүрбек Бабанов, Арстан Алай жана жалгыз айым талапкер Токтайым Үмөталиева катышты. Төрт талапкер катышкан дебатта басымды Бабанов менен Жээнбеков кармап, акыйнек айтышууга чейин барышты. 15-октябрда боло турчу президенттик шайлоодогу кармаш негизинен ушул эки талапкердин ортосунда жүрүп атканы үчүнбү бири биринен таалуу жеринен кармап, элге шардана кылуу максатында эле келгендей болушту.

 

Өмүрбек Бабанов: “Менин максатым мамлекетти өнүктүрүп, тез өнүккөн он мамлекеттин катарына кошуу. Анын баары “Алдыга жол” программабыздын ичинде камтылган”,- деп айтып, негедир жаш курагын да белгилеп, 47 жашта экенине басым таштады. Кыязы, Владимир Путин да 47 жашында Россиянын президенти болуп шайланганын кыйыткысы келди окшойт.

 

Экинчи талапкер Арстан Алайдын өлкөнү өргө сүйрөө боюнча программасы оригиналдуу болду. Айтымында, өнүгүү үчүн жарандардын аң-сезими “өйдө”  тарап менен достошушу керек экен.

 

“Кыргыз элинин жандүйнөсү ааламга жакын, кыргыз сыйкыр иштеткен, Манас эпосун жараткан эл. Саясатчылардын ойлоп тапканы элге азап гана алып келип атат. Айыл өнүгүшү үчүн биринчи адам өзүн таанып билиши керек”,- деген оригиналдуу талапкер өлкөнү өнүктүрө  турган программа ааламдан түшүшү керек дегендей кылды.

 

Ал эми Токтайым Үмөталиева “Бекем үй-бүлө -  күчтүү өлкө” болоорун белгиледи.

 

Талапкер Сооронбай Жээнбеков “шайлоо да аяктаарын, анда бирөө жеңип, бирөө жеңиле турганын, бирок, талаша турган эч нерсе жоктугун” айтты. “Талаша турган эч нерсебиз жок, биздин максат Кыргызстанды өнүктүрүү”, - деп койду.

 

Бабанов Чиркешовичке айланганда...

 

Талапкерлер арасында акыйнек айтышуу болбостон теледебат да өтмөк беле. “Салтты” бузбай, Өмүрбек Бабанов Сооронбай Жээнбековду элге жети пайыздан ашпаган насыя берүү маселесинде тоскоол болгонуна айыптады.

 

“Сиз премьер- министр болуп турганда, биздин фракция элибизге жети пайыздан ашпаган насыя берилсин деп парламенттен өткөргөн, экөөбүз бул боюнча жеке да сүйлөшкөнбүз, сиз макул болгонсуз. Бирок, Алмазбек Шаршенович кол коюп бергенден кийин “акча жок” деп каршы чыктыңыз. Мага түшүнүксүз болду. Азыр эми айылдарды өнүктүрөбүз дейсиз, аларга каражат бербей туруп жумуш орундарын кантип түзөсүз?”- деди.

 

Сооронбай Жээнбековдун түшүндүргөнүнө караганда, жети пайыздык насыя берем деп кыйкыруу “популизм”.

 

“Урматтуу Өмүрбек Чиркешович (!). Насыя берчү банктарда кезек деген толтура. Сенин банкыңда да кезекте турушат. Биринчи ошол кезекти жоюшубуз керек. Мен премьер болуп турганда Кыргызстандын тарыхында  бюджетти 7 млрд.га чыгардык, эми 20 млрд.га чыгаруу керек. Он пайыз менен элди толук камсыздай албай туруп, жети пайызды айтуу популизм. Биринчи он менен баштасак, анан жети, алты пайызга түшүрөбүз”,- деп жооп берди талапкер. Жээнбеков шашып кеттиби, же Текебаевди эстеп алдыбы, айтор, бет алдында турган Бабановду “Өмүрбек Чиркешович” деп атады. “Менин атамдын аты Чиркеш эмес, Токтогул”, - деп койду анан Жээнбеков сөзүн аяктагандан кийин Бабанов токтоо гана.

 

“Шайлоо алдындагы үгүт иштеринде эл менен жолугушуп атасыз, бирок бир да жерде коррупция жөнүндө кеп кылган жоксуз, эмнеге? Же бизде коррупция жокпу?” – деп сурады Бабанов. Ошондой эле, Жээнбековдун премьер-министр кезинде буудайды коргойм деп НДСти жокко чыгарып, бюджетти 8 млрд сомго кем толтурганын, сатуу салыгын да алганын, 2016-жылы да бюджет толбой атканына карабай “Жерүйдөн” түшкөн акчаларды башка жакка жумшаганын кошумчалады. Атаандашынын айыптоолору Сооронбай Жээнбековду абдан ачуулантты.

 

“Сен айткандын баары калп! Жаманатты кылгың келсе, башка жагынан кыл. Муну менен айыптай албайсың! Мен премьер-министр болуп турганымда тарыхта боло элек бир топ нерсени аткардым. Аны сен жакшы билесиң. Ушул жерге келип алып, уялбай калп айтып атасың. Сатуу салыгын мен албагам, Сариев алган, эстеп көр. Калпты да өз жолу менен айт. Күрөшсөң ачык, таза күрөш, менин сага 25 суроом бар, аны сага кийин берем. Коррупционерлер ким экенин да жакшы билем, 1995-жылдан бери саясаттамын, сен саясатка 2005-жылы келдиң. Балапансың. Коррупцияга каршы күрөштү сенден баштайм! Сен муну айтпашың керек эле... Сен уялышың керек эле... Менин таза адам экенимди билесиң, Кудайдын алдында тазамын. Сендей эмесмин!” – деп Жээнбеков бир топко “көбүрүп-жабырды”. 

 

Талапкер  атаандашынын кадыресе эле суроосуна эмнеге анчалык ачууланганы табышмак бойдон калды...

 

Атаандаштардын бирин бири “жаманатты кылуу” чабуулу

 

Бабанов Сооронбай Жээнбековго дагы “катылды”. Бул сапар чуулгандуу “Лигласс” келишимин козгоду.

 

“Лигласс” компаниясы менен келишимге сиз, өкмөт башчы болуп туруп 2017-жылдын 7-июлунда кол коюптурсуз. Муну менен Алмазбек Шаршеновичти да ыңгайсыз акыбалга калтырдыңыз”, - деди эле, Жээнбеков бул келишим ишке ашпаганын, жокко чыгарылганын, келишим түзүүнү негиздеген тийиштүү кызматтагылар жоопкерчилигин тартышаарын билдирди.

 

“Ушул маселе боюнча да мени жаман көрсөткүң келип атабы?”- деп атаандашына нааразы болуп алды.

 

Күнөөлүүлөр күнөөлүүнү издешкенде...

 

Айтылганына көп болсо да, баштала элек “Коопсуз шаар” программасына да башкы атаандаштар Жээнбеков менен Бабанов кайрылышты. Бабанов адаттагысындай эле бул программанын алиге чейин ишке ашпаганына Жээнбековду күнөөлөдү.

 

“Коопсуз шаар” сенин күнөөң. 2012-жылы туура эмес баштагансың. 35 миң долларга бүтө турган долбоорду 85 миң доллар менен Россиянын 34 жараны менен чогуу баштагансың. Туура эмес баштап алганың үчүн өзүң күнөөлүүсүң!” – деди анда Сооронбай Жээнбеков.

 

“Ошол убакта ИИМдин министри болуп турган Рысалиев отурат, ал “Коопсуз шаар” боюнча комиссияны жетектеп турган. Кандай болгонун ушул киши билет. Долбоор ишке ашып, иштеп калса көмүскөдө жаткан канча нерселер ачыкталат эле. Ал ишке ашпагандан канча деген адамдар жол кырсыгынан каза табышты”,- деди анда Бабанов.

 

Берки эки талапкер четте калып эле, эки талапкердин акыйнеги жалпы көңүлдү буруп, “сен күнөөлүү”, “жок, сен күнөөлүү” болуп, айыпты бири бирине оодарып жатышты.

 

“Аны ишке ашырууга сизде чечкиндүүлүк жетишпеди”,- деп Бабанов айтса, “Сен бүтүрбөгөндү мен бүтүрдүм”,- деп Жээнбеков ачууланды. Айтор, “Коопсуз шаардын” беш жылдан бери ишке ашпай келатканына күнөөлүү тарапты эр болсоң таап көр болду да, калды.

 

Баарына саясатчылар айыптуу!

 

Ал арада талапкер Арстан Алай улууларда улуулук сапат калбай, эл арасында оору-сыркоонун көбөйүшүнө саясатчыларды күнөөлөп чыга келди. Береги эки талапкер бирин бири күнөөлөп бүтө албай атышса Арстан Алай жалпы элдин көйгөйүнө саясатчы атпайларды айыптап салды.

 

“Элдеги оору-сыркоонун көбөйүшүнө, туура багыт бере албаган саясатчылар күнөөлүү. Коомду көрүп атабыз, муунуп өлгөндөр, тентигендер, шишик баскандар көп. Касиетиң болбосо, элиң кесел болот деген ушул”,- деп белгиледи үчүнчү талапкер.

 

Ошондой эле ал ар бир жооптуу даражадагы аткаминердин жылдыз белгиси да төлгө берээрин айтты. “Бирөөлөр премьер-министр болуп келгенден бир жума өтпөй учак кулады, Сариев өкмөт башчы болоору менен Панфиловдо нефтебаза жарылды. Жылдыз белгилер да мааниге ээ”,- деген ал өлкө өнүкпөй атканына бийликти күнөөлөштүн кереги жоктугун кошумчалады: “Ишиң жүрбөсө ичиңден изде дейт. Ар бир адам күнөөнү өзүнөн издеш керек”.

 

Максим Бакиев “түрткүнчүк” болгондо...

 

Бабанов менен Жээнбеков бири бирин болушунча күнөөлөмөйдөн кийин, кимиси Максим Бакиев менен достошконун “иликтемейге” өтүштү.

 

Сооронбай Жээнбеков “Кумтөрдүн” тагдырына кызыккан көрүүчүлөрдүн суроолоруна жооп берип атып, 2009-жылы компания менен келишим түзүлүп атканда азыркы атаандашы Өмүрбек Бабанов Максим Бакиев менен ынак дос болуп жүргөнүн эске салды.

 

“Бардык схемаларды экөөлөп түзгөнсүңөр”, - деди Жээнбеков.

 

А Бабанов буга “Максим Бакиевдин досу премьер-министр болду” деп жооп берди.

 

Жээнбеков “Бабановдун акыркы революцияга катыштыгы жок” деди эле, Бабанов 2010-жылы Ошко барганда Жээнбеков жашынып калып, Атамбаевдин жанында өзү жүргөнүн айтып берди.

 

Жээнбеков муну калпка чыгарды жана жооп берүүдөн баш тартты. Экөө тең Максим Бакиевдин досу болуудан жаа бою качышып, бири бирине түртө салышты.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити

Тема: