Печать
Категория: Президенттик шайлоо
Просмотров: 449

​Парламент сессиясында президенттик шайлоо алдындагы үгүт маселеси көтөрүлүп, талапкерлери көрсөтүлүп жаткан оппозициялык жана бийликчил маанайдагы фракция депутаттары бири-бирин каржылык жана административдик ресурстар үчүн айыпташты.

 

 

​Парламент сессиясында президенттик шайлоо алдындагы үгүт маселеси көтөрүлүп, талапкерлери көрсөтүлүп жаткан оппозициялык жана бийликчил маанайдагы фракция депутаттары бири-бирин каржылык жана административдик ресурстар үчүн айыпташты.

 

Легендарлуу парламенттин депутаты Бегиш Ааматов Кыргызстанда саясий күрөш маданиятынын төмөндүгүнөн адамдын кадыр-баркына шек келтирген маалыматтар көңүл чордонуна чыкты деп эсептейт.

 

“Талапкерлердин кесипкөйлүк, буга чейинки саясаттагы кемчиликтерин ачык сындоо менен атаандашуу болушу керек эле”,- дейт Ааматов: “Демократиялуу мамлекетте саясий атаандаштар бири-бирине сый мамиле кылышат. Алар талапкердин өзүн эмес, программасын сындайт. Биздикилер ушакчы, бозо ичип алган аялдардай болуп жатышат да”.

 

Саясий серепчи Сейтек Качкынбаевдин айтымында, саясий атаандашты каралоо дүйнөлүк саясий тажрыйбада кеңири колдонулуп келет. Ал эмес “кара пиардын” артынан атаандашынын саясий барк-баасын түшүргөн учурлар арбын. Бирок серепчи баары өз чени менен болушу керек деген пикирде: “Кара пиар бардык жерде колдонулат. Жапонияда, Кореяда саясатчылар мыйзамды бузса, моралдык жактан туура эмес иш кылса, мас болуп алып кыздарга тийишсе, видео, фотого тартып келип коомчулукка чыгарган учурлар болот. Бирок ал жактагы "кара пиар" биздикиндей примитивдүү эмес. Мунун жетинчи атасынын уруусу саруу же багыш экен, булар башка экен деп бөлмөй жок”.

 

Байкоочулар президенттик орун үчүн жарышка аттанган 13 талапкердин ичинен эки талапкердин ортосунда кызуу атаандаштык жүрүп жатканынайтышууда. "Кара пиар" же дайын-дареги жок маалыматтар дал ошол Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабанов тууралуу тарап жатканын байкоого болот.

 

“Кара пиар” – кайсы бир саясатчы, саясий күч же компания, уюмундун имиджине көлөкө түшүрүү үчүн атайын уюштурулган маалыматтык сокку. Википедиядагы маалыматтарга ылайык, бул термин 1980-жылдары пайда болгон.

 

 

Токтосун Шамбетов

Булак: “Азаттык”