Премьер-министр Сапар Исаков вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге эскертүү берип, шайлоо боюнча республикалык штабды жетектөө милдетин коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Темир Жумакадыровго жүктөдү.

 

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, мындай чечим Зилалиевдин талапкерлердин бирине артыкчылык бергени тууралуу кабарларга байланыштуу кабыл алынды.

 

Өкмөттүн шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча республикалык штабын вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев жетектеп жаткан.

 

Ал 19-20-сентябрда аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын уюштуруу иштеринин абалы менен таанышуу максатында Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарын кыдырган. 19-сентябрда Баткен облусунун активи менен жолугушуу учурунда бийликтин талапкерин колдорун айтып, чогулгандарга аны колдоо боюнча жеке суранычын келтирген.

 

Кийинчерээк жолугушууда айткандары тууралуу "Азаттык" үналгысына комментарий берип, өз сөзүн үгүт катары кабыл алууга болбой турганын, ал жерде кимге добуш бере турганын сурагандарга жооп кайтарганын билдирген.

 

"Азаттык"