Печать
Категория: Президенттик шайлоо
Просмотров: 386

Кудалашмай, жуучу түшмөй башталып…

 

 

Укмуш “жомоктор” пайда болууда. Шайлоонун шарапаты менен далайга дейре кулактар чуулдап турат окшойт.

 

Айтылган “жомоктордун” биринде: “Сариев Жээнбековго кошула турган болсо, буга чейин Кубанычбек Кулматов жетектеп келген Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна жетекчи болуп дайындалат экен”,- делинет. Бирок, президенттикке талапкер Темир Сариевдин шайлоо штабы “Азыркы учурда президенттикке талапкер Темир Сариев эл менен жолугушууларды өткөрүп жатат. Эч ким менен сүйлөшүү болгон жок, мурдагыдай эле үгүт иштерин жүргүзүп жатабыз”,- деп айтып чыгышты. Сариев аталган кызматка барыш үчүн ажолук ат салышуудан баш тартып ийбеси анык. Андыктан “жомокту” да кичине окшоштуруп чыгарсак ээ…

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити