Аппеттитиӊ 670 миллион сомбу? 

 

Абдылда куудулдун “Кыргызстанга эки жылда бир президенттик анан жылына парламенттик шайлоо өткөзүлүп турса эл бутунан туруп кетет эле”,- деген азил кеби чын окшойт.

 

Анткени ушу тапта акчалар пачкелеп сапырылып жатат. Көчө бойлой көрнөй-жарнак, ар айылда ызы-чуу концерт, майрам, казан казан эт кайнап, казысы таман жылкылар союлуп, айыл аксакалдары чучук, карта сугунуп, эми укмуш. Бул албетте талапкерлер жактан агылып аткандагысы. Ал эми ошол талапкерлерди жарышка салган БШК “Өлкөдө президенттик шайлоонү өткөрүүгө 670 миллион сомдон ашык каражат каралганын, бул сумманын 538 миллион сому биринчи айлампага, калганы зарыл болсо экинчи айлампага жумшалат”- деди. БШК башчысы. Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоочулардын акыркы тизмесин 5-октябрга чейин жарыялай тургандыгын кошумчалады. Ал ошондой эле добуштарды саноонун программасы жакшыртылганын жана тестирлөөдөн өткөндөн кийин ал коомчулукка, талапкерлерге, алардын өкүлдөрүнө, көз карандысыз эксперттер менен ММК өкүлдөрүнө тааныштырыла турганын белгилеп, «Система объективдүү, автоматтык режимде иштейт жана добуш берүүнүн так жыйынтыктарын алууга мүмкүндүк берет. Сырттан жыйынтыктарга таасир этүү боюнча эч кандай аракеттерди көрүүгө мүмкүн эмес»-деди. Кызыгы, эмнеге шайлоочуларды качан эмне эметээрде керек болот сыӊары эӊ акырында тактайбыз? Анан да алиги 10 миллион долларга жакын акча эмнелерге жумшалат? Анын канчасы сол чөнтөккө солонот? Дегеле, ушунчалык сумманы коротушка эмне зарылчылык туулууда? Эгер ушул акчага мектеп салынса канча мектеп курулат эле? Суроолор көп… Жооп жок.

 

Булак: “Майдан.kg” газетасы, №36 (314), 13.09.2017-ж.

Тема: