Печать
Категория: Президенттик шайлоо
Просмотров: 447

Бишкек, «Саясат. kg». Студенттер ар бир адамдын добушу өзүнүн келечеги экенин сездирүүгө аракет кылышты.

 

Кечээ, 10-сентябрда, Бишкекте студенттер жана жаш активисттер «Сенин добушущ – сенин келечегищ» аттуу үгүт-поездин өткөрүштү. Акцияга Бишкек шаарынын жашоочулары, студенттер жана жаш активисттер катышышты.  

 

 Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

 

Үгүтпоезд «СЕНИН ДОБУШУҢ – СЕНИН КЕЛЕЧЕГИҢ! ТВОЙ ВЫБОР – ТВОЕ БУДУЩЕЕ!» -бул мобилдик маалыматтык тобу, шайлоочуларды  шайлоо процессинини этаптары, жаңы шайлоо моделинин өзгөчөлүктөрү, добуш берүүнүн жол-жоболору тууралуу тааныштырды.  Ошондой эле, анын мазмунуна Президенттин ыйгарым укуктары тууралуу, добуш берүүнүн купуялуулугу, ден соолугу жактан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн “Кошунаңды ээрчите кел”! акциясы, добуш сатууга каршы аракет аттуу темалар киргизилген.   

 

Акцияга жаш активисттер, эстрада ырчылары,  ди-джейлер,  чыгармачыл топтор катышты.  Иш-чаранын программасында: маалыматтык роликтер көрсөтүлүп,  маанилүү викториналар, флеш-мобдор, тематикалык буклеттер, чакыруулар таркатылды.