Шайтан оюндар
“Деньги и власть” гезитинин башкы редактору, учурда президенттик шайлоого талапкер катары аттанган Турат Акимов шайлоо алдындагы бир топ көрүнүштөргө нааразычылыгын билдирди. Маалымат жыйынын өткөргөн талапкер президент Атамбаевге кайрылуу жасады. Жогору жактан “бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлөт” деген кыйкырыктар катуу чыгып атканы менен иш жүзүндө андай эмес экенин өз жон тери менен сезген талапкер биринчи тоскоолдук катары паспорт маселесин белгиледи.
- Биз кол топтоодо абдан кыйналып атабыз. Ал кыйынчылык жарандардын паспорт маселесине байланыштуу да болууда. Мамлекеттик каттоо кызматы эски паспортторду жаңы биометрикалык паспортторго бекер айырбаштоо жараянын ушул жылы, так эле шайлоонун алдынан баштаган экен, бизге тоскоолдук жаратты. Бизди колдоп, кол коюп берели деген көпчүлүк жарандардын паспорттору Мамлекеттик каттоо кызматында экен. Эскилерин чогултуп алышкан, а жаңыларын качан беришет, белгисиз. Бул атайын жасалган ыкмалар окшойт деп ойлоп атабыз. Бийликке жакпаган талапкерлерге тоскоолдук жаратуунун дагы бир амалы. Анан да, көп жарандардын паспорттору акча пайызга берген жерлерде күрөөдө экен. Алар кол коюп берели дешет, бирок, паспорттору жок. Эмнеге, паспорттон башка да адамдын өздүгүн аныктаган документтери аркылуу кол топтоого болбойт? Айдоочулук күбөлүк, дагы башка күбөлүктөр бар эмеспи?
Дагы бир маселе – шайлоочулар кол тамгасын акчага соодалагысы келген мүнөз да күтүп калышыптыр. Бизге иштеп, кол топтоп чуркап жүргөн тарапташтарыбызга ачык эле акча талап кылышкандар да табылыптыр. “Президенттикке чыктыңарбы, төлөгүлө. Бизге акча бергиле, биз кол тамгабызды коюп беребиз. Акча жок болсо, кол тамга да жок”,- деп айтып атышыптыр. “Жүз сом бер, кол коюп беребиз, башка талапкерлер берип эле атышпайбы”,- дешиптир. Муну ким көзөмөлдөйт?БШК, ИИМ, УКМК, прокуратура мындай жараянды такыр көзөмөлдөбөсө, эртең кандай акыбал орнойт? Мындай жол менен барсак, ыйманы барбы, акылы дуруспу, эли-жерин сүйөбү деген маселелер артта калып эле, акчалуу бирөөнү, олигархты шайлап алабыз. Кайра эле ушул жашоо башыбызга түшүп, алдыга жылуу, өнүгүү дегенди билбей жүрө беребиз.
Дагы бир жарандар биздин оппозициялык маанайды карманаарыбызды билишээри менен кол койудан баш тартышты. Алар “силерди колдоп кол койсок, эртең бизге коркутуулар башталат”, - деп айтышты. Жарандарыбыз акыйкаттык, чындык үчүн күрөшкө эмес, тынч жашоого ыктап калышканын байкадык.
Капчыгы калыңдардан арылуу керек!
Турат Акимов дагы бир көңүл өксүткөн көрүнүшкө токтолду. Шайлоо күрөөсүнүн суммасынын көбөйүшү - өлкөнү башкарууга акыл-эс, тажрыйба, билимге эмес, капчыгы семиз, каражатка бай олигархтардын келишин шарттайт дейт.
- Шайлоо күрөөсү мындан мурунку шайлоолордо жүз миң сомду түзсө, азыр бир миллион сомго жетти. Бир миллион сом 14-15 миң долларды түзөт. Андан сырткары жогору айткандай, жарандар кол тамгасы үчүн да жүз сомдон үч жүз сомго чейин сурап, бул жараянды кадимкидей акча табылчу ишке айлантып алышыптыр. Башта талапкер БШКга 10 миң кол тамга тапшырса жетиштүү болсо, азыр 30 миңге жетти. Бул, демек, 30 миң адамдан жок дегенде жүз сомдон кол тамга сатып алуу дегенди билдирбейби? Башкача айтканда, шайлоо мыйзамындагы өзгөрүүлөрдүн баары бийликке кайра дагы билимдүү, даанышман адам эмес, акчасы толтура олигарх келишин шарттап атат.
“Сытый” жана “голодный” талапкерлер…
Акимовдун айтымында, элдин тандоо түшүнүгү башка нукка бурулгандай. “Учурда шайлоочулар талапкерлерди «ток», «ачына» карап тандап калыптыр”,- дейт «Деньги и власть» гезитинин башкы редактору.
- Шайлоочулардын айрымдары бизге “Силер эмнеге талапкер болуп атасыңар? Баары бир өтпөйсүңөр да. Ошол 15 миң долларга андан көрө үй куруп албайсыңарбы?”,- деп да айтышты. Унчукпайбыз. Аң-сезимдин өзгөрө турган да убагы келээр. Биз коомубуз өзгөрсө экен, жалаң гана акчалуулар жайнап чыга бербей, капчыгына эмес, билими менен дараметине ишенген талапкер да да болуп, элдин тандоосу кеңири болсо экен деп чыгып атабыз. Айрымдар: “Бабанов “сытый”, а силер “голодныйсыңар”, силерди шайласак тойгонуңарча көп жейсиңер”,- деп да айтышты. Кыскасын айтканда, элде келечекке карата толугу менен апатия орногон.
“Майдан-пресс”, Булак: “Майдан. kg” гезити