Печать
Категория: Президенттик шайлоо
Просмотров: 365

Бишкек, «Саясат. kg». Президент болгусу келбей калган талапкердин арызы канааттандырылды.

 

 2017-жылдын 12-августунда КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Ы. Айтикеевден талапкерлигин алып салуу боюнча арыз түшкөн.

 

КР БШКнын жыйынында КР президенти кызматына талапкер А.Ы. Айтикеевдин талапкерлигин алып салуу боюнча маселе каралды.  

 

КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын жетекчиликке алып, А.Айтикеевдин арызын  канааттандыруу жана документтерин кайтарып берүү жөнүндө  чечим кабыл алды.