Печать
Категория: Президенттик шайлоо
Просмотров: 471

Эң кызыгы, дал ушул ажо болом деп талпынып жаткандардын арасында чет элдик уюмдардын “арыгын чаап жүргөн” бейөкмөчүлөрдүн толуп алганында болууда. Азыр 50 талапкер болсо, анын тең жарымы бейөкмөтчүлөр экен.

 

15-октябрда өтүүчү президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип 60ка жакын талапкер БШКга арыз жазган болсо, учурда алардын саны 50гө кыскарды. Эң кызыгы, дал ушул ажо болом деп талпынып жаткандардын арасында чет элдик уюмдардын “арыгын чаап жүргөн” бейөкмөчүлөрдүн толуп алганында болууда. Азыр 50 талапкер болсо, анын тең жарымы бейөкмөтчүлөр экен. Маселен, Рита Карасартова, Турсунбек Акун, Токтайым Үмөталиева, Роман Ремнев аттуу  бейөкмөтчүлөр күпүлдөп иштеп, кандайдыр бир күчтөрдүн тукуруусу менен иш алып барып жаткандай. Р.Карасартова элден каражат чогултумуш болуп, ар кандай атайын даярдалган адамдар аркылуу чагым салууга өттү. Т.Акун деле шайлоо башталбай жатып 3 таасирдүү саналган талапкердин үстүнөн арызданып, чуу жарата турган кадамдарды жасоодо.


Чын-чынына келгенде сырттан каражат алып иштеп жаткандар, “грант жегичтер” Кыргызстанга мүлтө жакшылык каалабайт. Буга чейин деле алар миллиондорду топтолуп алып жеп, өлкөдө чуу чыккан жерге жетип, мындай окуяларды курчутуп гана келген. Алардын көздөрүнө акча гана көрүнүп, чет элдеги кожоюндарынын буйруктарын кыңк этпей аткарып көнгөнү деле дайын болгон. Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына каршы келген аракеттерден да баш тартпай турганын дал ушул укук коргоочу деген атка жамынган “азаматтар” далилдеген.


Кыргызстандын шайлоо боюнча мыйзамын кайра карап жатканда бейөкмөтчүлөргө кандайдыр бир чек коюш керек. Анын үстүнө, 4-5 жылдан бери шайлоо жыйынтыгынан кынтык таппай, буга чейинки чуу чыгарууга себеп берген бурмалоолор токтоду. Эми бейөкмөтчүлөр өз өкүлдөрүн түзмө-түз шайлоого талапкер катары каттатып, ошол адамдары аркылуу максатына жетүүнө көксөп жаткандай. Байкасаңыздар укук коргоочумун дегендин баары Р.Карасартова сыяктууларды колдоп, анын шайлоо боюнча апыртылган маалыматтарын таратуу менен убада. Тизмеге толуп алган бөйөкмөтчүлөргө өз учурунда кандайдыр бир чара көрүлбөсө чет элдик “агенттер” өлкөдө “канабайрам” салганы тургандай. 


Эгер буларга кокту-колот түшүнүгүнѳн жогору кѳтѳрүлѳ албаган, регионалдык лидер атыккан, жеткен трайбалист талапкерлер кошулса эмне болот? Даана кызык ошондо башталбайбы? Андыктан, элибиз 15-октябрда ѳтүүчү ажо жарышта ынтымакта, ѳзүнѳ жаккан талапкерге добуш бергени оӊ. Элибиз гана ѳлкѳбүздүн тынчтыгын сактай алат эмеспи...