Печать
Категория: Президенттик шайлоо
Просмотров: 322

Бишкек, «Саясат. kg». Шайлоо мыйзамына ылайык, талапкерлер чекесинен мамлекеттик тилден сынак тапшыра башташты.

 

Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын расмий сайтында, президенттикке талапкерлердин мамлекеттик тилден тапшырган сынактарынын жыйынтыктары чыкты.

 

Маалыматка караганда, президенттикке талапкер Арсланбек Малиев 64,27 балл, ал эми Исхак Масалиев 82,25 балл топтоду.

 

Дагы бир талапкер Калмамат Мактымбаев 24,6 балл алып, сынактан кулады.

 

Талапкерлер арасында көп баллга Адахан Мадумаров ээ болгон.