Печать
Категория: Президенттик шайлоо

Талапкерлер тил сынагын тапшырышты

 

Бүгүн 9-августта Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөөнүн планына ылайык, талапкерлер Каримов Алмазбек Ташполотович, Үмөталиева Токтайым Жумаковна, Келдибеков Ахматбек Келдибекович жана Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич сынактан өтүштү.


Мамалекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын маалымат кызматы билдиргендей, тестирлөөгө биринчи болуп саат 9:00дө кирген талапкер Каримов Алмазбек Ташполотович сынактын жыйынтыгында 77,6 балл алды. Андан кийин талапкер Үмөталиева Токтайым Жумаковна 76,7 балл, Келдибеков Ахматбек Келдибекович 85,9 балл, ал эми соңку болуп тест тапшырган талапкер Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич 83,25 баллга ээ болуу менен сынактан ийгиликтүү өтүштү деп табылды.

 

Күндүн жыйынтыгы менен сынакты ийгиликтүү тапшырган талапкерлерге (айрымдарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн колуна) мамлекеттик тилди В2 деңгээлинде билээрин тастыктаган Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сертификаты тапшырылды.

Эртең 10-августта Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөө планында бекигендей талапкерлер Масалиев Исхак Абсаматович, Мактымбаев Калмамат, Малиев Арсланбек Касымакунович жана Шайымбетов Казыбек Орозакунович сынактан өтөт.

 

 

INTER.KG