Бишкек, “Саясат. kg”. Экс-премьер-министр жана учурда президенттик шайлоого талапкер Темир Сариев премьер-министр Сооронбай Жээнбековго байланыштуу БШК жана Башкы прокуратурага кайрылуу жолдоду.
Экс-премьер-министр жана учурда президенттик шайлоого талапкер Темир Сариев премьер-министр Сооронбай Жээнбековго байланыштуу БШК жана Башкы прокуратурага кайрылуу жолдоду.
“Учурда мыйзамга ылайык президенттикке талапкерлердин толук кандуу каттоосу жүрүп жатат.
Азырынча үгүттөө учуру баштала элек. Бирок бийлик, мамлекеттик кызматтын жетекчилерин, бийлик тандаган талапкерге иштегенге ачык эле мажбурлап жатышат.
Мисалы, иш убактысына карабай, Фарид Ниязов жана Икрам Илмиянов министрлерди, өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мекемелеринин жетекчилерин «Форумга» чакырууда. Мындай басым көрсөтүүгө Сооронбай Жээнбеков өзү дагы маал-маалы менен катышып жаткандыгы айтылууда.
Ушуга байланыштуу, мен Башкы прокуратурадан жана Борбордук шайлоо комиссиясынан мындай мыйзамдын одоно бузулуп жаткан фактыларын көз жаздымда калтырбашын суранат элем.
Президенттикке талапкер катары, мыйзам баарына бирдей экенин эске алуу менен, мындай терс көрүнүштөргө ыкчам түрдө көңүл буруусун жана мыйзам негизинде жол бербешин талап кылам.
Баш мыйзамда көрсөтүлгөндөй баардык талапкерлердин укугу бирдей. Мына ошондуктан Сооронбай Жээнбеков тез арада ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүсүн жана өзүнүн өкмөт башчылык кызматтык абалын кеңири колдонуусун токтотуусу керек!
Калыстык жана таза шайлоо үчүн, талапкерлердин баарына бирдей шарт түзүп берүү Борбордук шайлоо комиссиясынын милдети.
Ошону менен бирге эле абакта отурган талапкерлердин дагы, кыргыз тили боюнча тестирлөөгө катышууга толук укуктары бар!
Анткени аларга сот тарабынан күнөөсү далилденип чечим чыгарыла элек. Мына ошондуктан Баш мыйзамда көрсөтүлгөндөй, алардын шайлаганга жана шайланганга толук укуктары бар.
Мыйзам алдында баарык жарандар бирдей укукка ээ болгондо гана эл адилеттүү тандоо кыла алат жана ачык шайлоо өтөт” – деп айткан кайрылууда Темир Сариев.