Бишкек, «Саясат. kg». Текебаевдин президент болуусун каалаган жарандардын кол тамгасы дарегине жетти.
«Ата Мекен» партиясынын лидери, учурда абакта отурган Текебаевдин ишенимдүү адамдары БШКга кол тамгаларды тапшырышты.
Бул тууралуу аталган партиядан билдиришти.
Маалыматка караганда, жалпысынан 38 642 жарандын кол тамгасы тапшырылды. Текебаевдин президенттикке баруусун колдоо үчүн 50 000ден ашык жарандардын кол тамгасы чогулган. Талапкердин тарапташтары андан иргеп, жарактуусун БШКга өткөрүштү. Кол тамгалар өлкөнүн жети дубанынан чогулган.
Бланктарды БШК төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматова кабыл алып, текшерүүдөн өткөрүү үчүн жумушчу топко тапшырып берди.