Бишкек, «Саясат. kg». БШКга дагы эки жаран президент болууга ниетин билдирди.
БШКга дагы эки жаран президенттик шайлоого катышуу боюнча арыз жазды.
Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка караганда, арыз бергендердин бири 1960-жылы туулган, пенсионер, генерал-майор Иманкулов Марат Муканович. Ал өз кезегинде 2010-2011- жылдары УКМКнын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. 2011-жылы да президенттикке ат салышып, бирок добуш берүүнүн жыйынтыгында 10-орунду ээлеген.
Экинчи жаран Бөлтүрүков Өмүрбек Аяпбергенович, 1955-жылы туулган. «Бөлтүрүк» дыйкан чарбасынын башчысы.
Ушуну менен БШКга президенттик өзүн өзү көрсөткөн 42 жарандан, ал эми саясий партиялардын чечими менен 11 жарандан арыз келип түшкөн.