Бишкек, "Саясат. kg". Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
КР БШКа Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын тутумуна жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди. Чечим тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн арыздарынын негизинде кабыл алынды.
Ошентип, Ош областы боюнча:
-А. Аттокуров (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) Ош аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан чыгарылып, резервден комиссиянын тутумуна Э. Аргынбаев (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди;
-С. Сулайманов (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) Араван аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан чыгарылып, К.Эралиев (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчулүктүү органынан) резервден комиссиянын тутумуна киргизилди;
-Ж. Садыкбаев, Э Джороев (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчулүктүү органынан) Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан чыгарылып, Ш. Жанботоева, Р.Сражов (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) резервден комиссиянын тутумуна киргизилди;
Жалал-Абад областы боюнча:
-М. Сайпидинов (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан чыгарылып, Н.Топчубаева (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) резервден комиссиянын тутумуна киргизилди;
-А. Молдалиев (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан чыгарылып, Д.Ашырахунова («Республика» саясий партиясынан) резервден комиссиянын тутумуна киргизилди;
-М. Арстанов, А.Ызакбаев (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынан тутумунан чыгарылып, Жаныбек кызы Алтынай жана К.Кудайбергенов (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчулүктүү органынан) резервден комиссиянын тутумуна киргизилди.