“Майдандын” эркин микрофону

 

- Турсунбек мырза, президенттикке аттаныпсыз. Азыр президенттикке ат салышуун көздөгөндөрдүн түпкү тегин аныктоо модага айлана баштады го. Сизде да “башка улуттун каны бар экен”- деген маалымат чыгып кетпейби?

 

- Чыкпаса керек. Мен андаймын, мындаймын деп мактанбайм. Кандай экенимди  эл айтсын. Менимче манас айтып, комуз черткен адам чыныгы кыргыз болот. Мен манас да айтам, комуз да черте алам. Студент кезимде 26 мамлекетти манас айтып, комуз чертип  кыдырып, фестивалдарга катышкам. Кремльге чейин манас айтып, маш ботойду чертип баргам.

 

Шайлоону утурлай президенттикке аттанган талапкерлерди ал, бул улутка жармаштырып, каралап, көө жапканыбыз, кемсинткенибиз туура эмес. Кыргыз эли эч качан башка улуттун өкүлүн шайлабайт. Качан болбосун чыныгы кыргызды гана шайлайт. Ошон үчүн көрө албастык кылып, президенттикке аттанып жаткан азаматтардын артынан сөз ээрчиткенибиз уят иш болуп калды.

 

- Сизди президенттикке ким көрсөттү?

 

- “Адам укугу” партиясы курултай кылып, жыйынтыгында мени президенттикке көрсөтүштү. Мен башкалардай болуп, ала-тоодой эт, ысык-көлдөй чык кылганым жок. Мени идея үчүн колдошту. Килейген фракциясы, парламентте партиясы бар туруп, Бабанов миңдеген адамды чогултуп, Ысык-Көлдөй чык, Ала-Тоодой эт кылып, элдин баарын коноктоп атып,  өзүн-өзү президенттикке жылдырып, көпчүлүккө шылдың болду.  Төрөбаев болсо, башка жер жок калгансып, ресторанда курултай өткөрүп, көпчүлүктүн сынына кабылды. Мен алардай болуп, чабылып, чачылбай эле “Достук” мейманканасында эле өткөрүп койдум.

 

- Президенттик шайлоонун күрөөсүнө көрсөтүлгөн 1 миллион сомду таба алчудайсызбы?

 

- Буюрса, табам. “Дордой” жакта эл катары салган эки кабат үйүм бар. Ошону күрөөгө коюп, президенттик шайлоонун күрөөсүн табайын деп жатам.

 

- Эгер президент болбой калсаңыз ал каражатка ичиңиз ачышып калбайбы?

 

- Ичим ачышпайт. Анткени, мен бул кадамды жөн эле таштап, эптеп эле президенттик шайлоого катышуу үчүн жасап жаткан жокмун. Ушул убакка чейин ойлонуп, бардык жагынан “президенттикке татыктуумун” деген максатта, “эл колдойт” деген үмүттө  өзүмдү тобокелге салып, кеткен каражатка да кайыл болуп  жатам.

 

- Соодалашып, “кетирген чыгымымды башкаларга добушумду сатып болсо да, таап алам”- деген оюңуз жокпу?

 

- Мен эч ким менен соодалашпайм. Канча добуш алсам да, аягына чейин барам. Мен айрым адамдардай болуп, эптеп ат жасаш үчүн же президенттик шайлоого катышты деген сөз  үчүн өзүмдү тобокелдикке салып, үйүмдү коюп, кредит алып жаткан жокмун. Мурдатан ойлонуп, ушундай чечим кабыл алганым үчүн президенттикке ат салышайын деп жатам. Болгону, каражатты тапканга үлгүрбөй калганым үчүн ал маселени кредит жолу менен чечейин деп жатам.

 

- Үйүңүздү күрөөгө коюп, алган 17 миң долларыңыз шайлоонун бардык чыгымдарын жапканга жетпейт го? Маалымат каражаттары менен иштешиш үчүн жана штаб түзүүгө кайдан каражат табасыз?

 

- Үйүмдү коюп алган каражат президенттик шайлоонун бардык чыгымдарын жаппастыгын билем. Бирок, ал маселени да чечем. Кудай кошкон кудаларым бар. Жоро-жолдошторум, жакшы санаалаштарым кол-кабыш кылат. Эпчил кудай өзү эптеп, буюрса, ал маселе да чечилет.

 

- Сизди президенттик шайлоодо элдин кайсыл катмары колдойт деп ойлойсуз?

 

- Мени чиновниктер жана интеллигент сөрөйлөрдүн көбү колдобошу мүмкүн. Бирок, карапайым адамдар, колунда жоктор, айылдагы укугу тебеленип, адилеттиктен үмүтүн үзгөн адамдар колдойт деп ишенем. Себеби, азыр мени “Турсунбек Акун Трамптай болот”- деп мыйыгынан күлүп отурушат. Трамптын деле өтүп кетерин эч ким алдын-ала айталган эмес. Трамптыкындай байлыгым болбосо да, ошол сценарий кайталанып кетиши мүмкүн да. Анткени, мени жаманбы-жакшыбы, эл билет. Эл ошол эмгегим, илгертен эле элге жакын болгунум үчүн колдойт го.

 

- Кимдир-бирөө менен көп добуш алыш үчүн тандемге барасызбы?

 

- Мен тандемге барбайм. Аягына чейин жалгыз күрөшөм. “Добушуңду бер”- деп, миллард сом алып келсе да албайм. Анткени, ушул убака чейин депутаттыкка да ат салышкан эмесмин. Президент болуп, мамлекетти башкарууга бардык жагынан жетилип,  58ге чыгып, тай тору болуп турган чагым.

 

- Президент болуп калсаңыз кандай артыкчылыктарга басым коёсуз? Бакыт Төрөбаевдей болуп, президенттин чыгымдарын азайтасызбы же Бабановдой кыска убакыттын ичинде Кыргызстанды өнүккөн мамлекеттердин катарына  кошосузбу?

 

- Мен алардай болуп элди алдабайм. Маселен, Төрөбаев президенттин чыгымдарын азайтмак түгүл, эки эсеге көбөйтөт. Бабанов болсо Кудайдын калпын айтып жатат. Ал эмес, Назарбаев да “15-20 жылда гана Казакстанды өнүккөн мамлекеттердин катарына кошом” деген. Бабановдун айткандарына мен эмес, анын курултайына катышкандар да ынанган жок. Башкача айтканда, тамагын ичип алып, тышка чыгар замат “Бабановдун айткандарына ишене албай турабыз”- дегендерди көрдүм. Мен алардай болуп, куру сөз менен элдин кубандырбайм. Кудай буюруп,  президент болуп калсам, президенттик институтту да, парламентти да,  аткаруу бийлигин да күчтөйм. Парламенттик башкарууга жол бербейм. Конституцияны өзгөртүп, бардык жогорку кызматтагылар курултайга отчет бере турган кылам. Сотторду, парламентти президентке көз каранды кылбай, өздөрүнчө иштей турган кылам. Ошондой эле казактар менен кытайларга берилип кеткен Каркыра менен Үзөнгү-Куушту Кыргызстанга кайтарып келем.

 

- Кантип кайтарасыз? Атамбаев деле мезгилинде “Кыргызстанга кайтарып келем” дегени менен ага аракет деле кылган жок го?

 

- Мен Назарбаев президент болуп турган мезгилинен пайдаланып, “Каркыра - Көкөтөйдүн ашы өткөн жер” деп түшүндүрөм. Дипломатиялык жол менен кайтарууга аракет кылам. Эгер ага да көнүшпөсө, анда эл аралык уюмдарга кайрылып, маселени Бириккен улуттар уюму аркылуу чечүүгө аракет кылам. Дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурам. Ал түгүл тажик менен өзбектерге кеткен жерлерди да кайтарам. Бул маселени чечкенге акчалуу делип жаткан Бабановдун да, Төрөбаевдин да духу жетпейт. Алардын акчасы болгону менен мындай иште суу жүрөктүк кылышат. Булар президент болгонго жарабайт. Акча тапканды билишкени менен көп жерден суу жүрөктүк кылышат. Кара башын калкалашат. 

 

Кудай буюруп, президент болуп калсам, жумуш орундарын түзүп, мигрант болуп кеткендерди мекенибизге кайтаруунун аракетин көрөм. Ошондой эле аптекалардын санын кыскартып, элди спорт менен машыктырууну колго алам. Адамдардын жарымы велосипед менен жүрө турган шарт түзөм. Кайтаруучусу жок эле, көчөдө жөө жүргөн президент болом. Аварияны азайтып, жол эрежелерин катуу көзөмөлдөтөм. Анткени, авариядан каза болгондордун саны улуу ата мекендик согуштагыга тете болуп жатат. Буюрса, темирдей тартипти эмес, мыйзамдын тартибин орнотом.

 

- “Президент жөнөкөй болуп, эл аралап жүрсүн”- дегениңиз президенттик кызматтын кадырын кетирип койбойбу?

 

- Кадырын кетирбейт. Тескерисинче, президенттин эл менен жакын болушуна шарт түзөт.  

 

- Акчалуулардын жанында байкалбай калбайсызбы?

 

- Аларда акча болгону менен меникиндей дух жок. Менин акчам жок болгону менен духум бар, Кудай колдогон адаммын. Эч качан духум түшүп, шалпайып калган адам эмесмин.

 

Миллиарддаган акчасы туруп деле канчалаган байлар утулуп калып жатат. Буюрса, эч нерсеси жок туруп, бийликке келген Махатма Гандидей болом. Аскар Акаев деле эч кандай байлыгы жок туруп эле Москвадан келип, президент болуп калбады беле. Эл чалкып турган көл. Элди буруп кетсең ошол жакка кетип калат. Буюрса, эл мени колдойт.

 

- Президенттик күрөөнүн жогорулаганын туура көрбөй, “элдин конституциялык укугун тебеледи”- дедиңиз эле. Бирок, президенттик шайлоого татыктуусу да, татыксызы да, көзү ачыгы да ат салышканы турат го?

 

- Президенттик шайлоонун күрөөсүн миллион сом кылып койгону туура эмес болуп калганы чын. Кыргызстанда президент же депутат боло турган адам сөзсүз эле бай болушу керек деген туура эмес. Бирок, президент болгонго мүмкүнчүлүгү бары да, жогу да катышам деп арыз берип жатышканы өкүндүрөт. Балким, депутаттар ушундайлардан арылалы деген маскатта күрөөнү кымбаттатышкандыр.  Менин күйгөнүм үйү жок же үйүндө үрүп чыгар ити жогу, үй-бүлөсү, бала-бакырасы жогу деле  арыз берип, президент болгусу келгенин билдирип жатышат. Барынан кызыгы, кара башын жөндөп бага албай, кара жаны үчүн көрүнгөндөн тыйын сурап жүргөндөр талапкер болуп отурушат. Ошондой эле аба ырайын  аныктагандар, беш кишини башкара албагандар, деги койчу мамлекеттик кызматта бир күн иштебегендер президенттикке талапкер болуп жатат. Кыскасы, жергиликтүү кеңешке да депутат боло албагандар да президенттик так үчүн күрөшкө чыгып жатышат.

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити