Президенттик шайлоо

Кыргызстандын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 30-сентябрда президенттик кызматка талапкер 8 адамдын кол топтоо баракчаларын текшерип баштады.

 

Эске сала кетсек, талапкерлер БШК Н.Түлеев, Т.Үмөталиева, Т.Бакир уулу, Т.Колубаев, А.Абышев, К.Арабаев жана С.Дыйкановдун кол топтоо баракчаларын туура эмес толтурулган деп таап, ага нааразы болгон талапкерлер Жогорку сотко кайрылган. Ал эми соттун тийиштүү чечими боюнча аталган талапкерлердин кол тамгаларын кайрадан текшерип чыгууну бүгүн, 30-сентябрга дайындашкан.
Учурда БШК жыйынында кол тамгаларды текшерүү иши башталды. Бул боюнча атайын кабыл алынган токтомго ылайык, ММКнын, бейөкмөт уюмдардын жана талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусунда текшерилиши керек болчу.
Бирок, жыйында бул талапкерлердин биринин дагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн келбегендиги айтылды. Конституциялык мыйзамдын 52-беренесинин 8-пунктуна ылайык, БШКнын мүчөлөрү кол тамгаларды текшерип башташты. Учурда алгычкылардан болуп Н.Түлеевдики каралууда.
Булак: Баракелде.

 

Президенттик шайлоого карата Кыргызстан калкынын ассамблеясы жер-жерлерде күзөт жүргүзөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" ассамблеянын жетекчиси Бектемир Мурзубраимов билдирди. Анын айтымында, кандайдыр бир жаңжал чыгып кетпеши үчүн ар бир областта күнү-түнү көзөмөл уюштурулат.

 

Ар улуттун өкүлдөрү жыш жашаган жерлерге барып түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул аракеттердин баарын ассамблеянын алдында түзүлгөн штаб жөнгө салып турат. Ассамблеянын 65 мүчөсү бар. Кыргызстанда сексенден ашуун калктын өкүлдөрү жашайт. Учурда үгүт жүрүп жатат. Шайлоо 30-октябрда болот.
 
Булак: Кабар.

 

Шайлоонун үгүт иштери башталаары менен бирге эле анын шайтан оюндары да жүрө баштаганы байкалды. Айрым республикалык гезиттер президенттикке №1 талапкер Камчыбек Ташиевдин рейтингин түшүрүү максатында, анын өлкөбүздүн аймактарындагы эл менен болгон жолугушууларынан да кынтык издегилери келет. Борбор шаарда туруп алып эле Камчыбек мырза менен жолугушууга канча эл келгенин, кандай кабыл алганын далысы менен сезе коюп, жазып ийген жазмакерлерге дабаа жок тура.
 
Карапайым калктын камкордугун көрүп келген Камчыбек Кыдыршаевич айрым талапкерлердей шайлоонун алдында гана өзүн көрсөтүш үчүн чыга калбаганын жамы-журт билет. ӨКМ министри болуп турганда, депутаттык кызматты аркалап турганда да өз чөнтөгүнөн жакыр жашаган үй-бүлөлөргө, жардамга муктаж адамдарга, шарты жок алыскы айыл-кыштактарга суу чыгарып, көпүрө куруп, жол салып берип атканын бийлик сересиндегилер менен ошолордун эсебине иштеп аткан жазмакерлер көрүп турса да көргүлөрү келбейт.
 
25-сентябрдан тарта Кыргызстандын аймактарына иш сапар менен аттанган Камчыбек Ташиев адегенде эле алыскы Чаткал районунан баштады. Эске сала кетсек аталган районго май айында да барып келген. Ошондо жолугууга келген эл “Биздин районго жаңы бийликтин өкүлдөрүнүн бирөөсү да басып келе элек. Депутаттардан биринчи болуп сиз келип атасыз,”– дешип терең ыраазы болушкан. Бул жолу да «Эр кадырын эл билет» демекчи, Камчыбек Ташиевдин буга чейин эле карапайым калк үчүн жасап келген камкордугу, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн эч кандай жолтоолуктарга буйдалып калбас тайманбастыгынан улам эл арасындагы кадыр-баркы мамлекеттик деңгээлде, улуттук лидер катары калыптанып калгандыгын көрсөттү. Жолугушууга агылып келген тургундардын саны үч миңден ашуун болду. Май-июнь айларындагы өлкөбүздү түрө кыдырып жүргөн убакта Чаткал районунун Жаңы-Базар айылында жайгашкан Ыдырыс пайгамбардын күмбөзүнүн абалы начар экендигин, аны оңдоп-түзөөгө жардам берип коюусун жергиликтүү тургундар суранган болчу. Кудай буйруса, эми бул күмбөз дагы узак убакытка чейин сактала турган болду. Анткени эл алдында убада берген күндөн тарта эле, Ыдырыс пайгамбардын күмбөзүнүн үстүн оңдоп-түзөөгө белсене киришкен Камчыбек мырза кечээ жакында эле ишти толугу менен аяктап, жаңыланган күмбөздүн кызыл тасмасын өзү кести. Мунун өзү Камчыбек мырзанын берген убадасына тураарын далилдеп, куру сөз, куру убадалардан алыс экендигин билдирди.
 
Ошол эле күнү Ала-Бука, Аксы райондорунун да эли менен жолугууга барган №1 талапкерди 4-5 миңдин тегерегиндеги калың эл тосуп алган. Ал эми айрым республикалык гезиттер бул маалыматты тескерисине буруп, “Аксыда Ташиев менен жолугушууга 300 адам келди”,- дешип, оозу-мурду, колу кыйшыйбай эле жазып жиберишти. Жалган айтуунун да чеги болот. Бийликтегилерге караганда карапайым элге жан дүйнөсү жакын талапкерди бүтүндөй кыргызстандыктар, анын ичинде Аксы эли да терең урматтарын айтпай кетсек болбойт. Аталган райондо аксакалдардан чыт курсак балдарга чейин келген жергиликтүү тургундар К. Ташиевди жылуу тосуп алышып, карапайым калк үчүн жасап жаткан иштерине терең ыраазы экендиктерин билдирип, ак баталарын берип узатышкан.
 
Эгерде Аксы эли буйрутма макалаларды катыра жазган айрым гезиттердеги чагылдырылган маалыматтарды окуп калышса, кандай кырдаал түзүлөөрүн башынан эле билебиз. Чындык, акыйкаттык дегенде, октон да, кылычтан да жалтанбасын аксылыктар карт тарыхта дагы, жаңы тарыхыбызда дагы тастыктап келишет. Андыктан кагаз бетин чиймелеп, булгаар алдында да терең анализ жүргүзүп, кандай майнап чыгаарын иликтеп көрүш керек го. Акаев заманында акыйкаттык үчүн канча аксылыктардын каны акты эле? Же буйрутма макала жазган жазмакерлер кургак отунга өрт коюп ойногулары келүүдөбү? Түшүнбөйсүң. “Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө” деген кыргыздын лакап кебин эске алып жүрсөк туура болчудай.
 
Үгүт иштери башталган 25-сентябрдан 29-сентябрга чейин Камчыбек Ташиев өлкөбүздүн 12 жеринде жолугушуу өткөрдү. Барган бардык жерлеринде, кичинекей айылдарды эсепке албаганда, 3 миңден 5 миңге чейин жергиликтүү тургундар келип, талапкерди келечектеги Кыргызстандын президенти катары тосуп алып жаткандыгын билдирип коелу.  Президенттикке талапкер Камчыбек Ташиевдин платформасы 7 бөлүктөн туруп, “Кыргызстанды өнүктүрүүнүн 7 кадамы” деп аталат. Анда негизинен мамлекеттин экономикалык жана социалдык жактан өнүгүүгө жол алуусунун бардык жол-жобосу камтылган. Жолугушууга келген эл К. Ташиевдин платформасы менен таанышып, анын ойдон чыгарылбаган, куру убада, кургак сөз эмес экендигине ишеним артышты. Бүгүнкү күндө Кыргызстанга чындыкты айтуудан тайманбаган, жоо келсе жалтанбаган, карапайым элдин турмушун ичинде аралашып түшүнгөн К.Ташиевдей президент керек экендигин жолугушууга келген эл тарап жатканда бири-бири менен пикир алышууларында билдирип жатышты. «Сөз чынынан бузулбайт» дейт кыргызда. Андыктан эл колдоосуна ээ болуп жаткан талапкерди курулай көөлөө менен пайда табылбасын айрым жазмакерлерге эскертип коелу. Эл тараза, эл тандайт!
 
«Алиби» гезити, №74, 30-сентябрь
 

Бишкек, «Саясат kg» - Д.Байаман. Президенттикке №1- талапкер Камчыбек Ташиев 30-сентябрда саат 11:00 до Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын тургундары менен жолугушту. Кичинекей аймак болсо жергиликтүү тургундар жолугуушууга агылып келип, жалпы жонунан 1000дин тегерегинде адамдар катышты.
 
Ар түрдүү социалдык, экономикалык жагдайдагы суроолор узатылып, талапкер тарабынан ачык айтылган жоопторду уга алышты. Көлдүн жээгине пансионаттар көп курулуп, тосулуп калгандыктан, жада калса жергиликтүү тургундар да ээн-эркин көлгө түшө албай калгандыгы тууралуу жолугушууга келген адамдар ойлорун айтып, “Сиз президент болуп калсаңыз, кандай чара колдоноор элеңиз?” деген суроону узатышты. К. Ташиев өз жообунда шайлоодо жеңишке жетише турган болсо, Кыргызстандын ар бир жараны көл жээгине каалаган учурунда, каалаган жээгинде боло ала тургандыгына шарт түзүү милдетин ала тургандыгын билдирди.
 
Жергиликтүү тургундар Кыргызстан деп күйгөн, мекенчил, патриот лидер К. Ташиевди алдыдагы  шайлоодо колдой тургандыктарын билдирип, ак батасын.
 

 

 

 

Президенттикке талапкер, "Ата Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Нарында калк менен жолугушту. "Азаттыктын" кабарчысынын маалымдашынча, 29-сентябрда болгон жолугушуу жакшы маанайда өттү. Ага 500-600 адам катышты. Көпчүлүгү жаштар. Алар талапкердин программасы менен таанышууга жана концерт көрүүгө келишкенин айтышты.

Кездешүү суроо-жооп түрүндө өтүп, Ташиев коопсуздук үчүн жансакчылары аны ар дайым коштоп жүрөөрүн, өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Данияр Үсөнөвго каршы чыккандыгы үчүн кеткенин айтты. Жолугушуудан кийин Камчыбек Ташиевге нарындык Баатыр энелердин бири ак жол каалап, белекке камчы тартуулады.
Булак: Азаттык.

БШКнын азыркы курамын кайрадан бекитүү керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Нарынбек Молдобаев билдирди.

 

 “БШКнын президенттикке талапкерлерди каттоодон баш тартуу чечимин соттун бир нече инстанциясы мыйзамсыз деп таанып жатат. Ушуга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынын толук курамын кайрадан шайлоо маселеси келип чыгууда”,-деди ал.  
 Эскерте кетсек, БШК каттоодон баш тарткан президенттикке талапкерлердин бир нечесинин доо арызы сот тарабынан канаатандырылган.
 
Булак: Кабар.

 

Сот Борбордук шайлоо комиссиясын (БШК) Турсунбай Бакир уулун талапкер катары каттоого милдеттендирбегендигин, бүгүн парламенттин пленардык жыйынында БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов билдирди.

 

 Анын айтымында, Бишкектин Биринчи май райондук соту БШК шайлоочулардын тизмесин текшерүү процедурасын бузгандыгы тууралуу гана чечим чыгарган.
 “Соттун бул чечими Турсунбай Бакир уулун талапкер катары каттоону милдеттендирбейт. Жогорку сот гана аны талапкер катары каттагыла деген чечими чыгарса, биз ага мандат тапшырабыз”, - дейт Туйгунаалы Абдраимов.
Булак: Кабар.

 

Жогорку соттун атуулдук иштер боюнча соттук коллегиясы президенттикке талапкер болууга арыз берген Аскарбек Абышев, Калыбек Арабаев, Токтайым Үмөталиева, Уланбек Сооданбеков жана Нариман Түлеевге каршы БШКнын көзөмөл арызын канааттандырбай Биринчи май районунун чеимин күчүндө калтырды. 24-сентябрда Бирични май райондук соту жогорудагы талапкерлерге карата БШКнын чечимин мыйзамсыз деп тапкан.

 
 Бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында БШК мүчөсү Ишенбай Кадырбеков бул боюнча өз оюн билдирди. Анын айткандарына караганда талапкерлердин кол жазмасын кайрадан текшерүү чечими БШК мүчөлөрүнүн макулдугу менен кабыл алынат. “Экинчи жолу текшергенде 30 миң кол жазма туура болуп чыкса, талапкерлер мамлекеттик тил сынагына дароо жолдомо алышат, кыска убакыттын ичинде экзаменди уюштурууга аракет кылабыз”-деп айтты И.Кадырбеков.
 
Булак: Кабар.

Кыргызстанда шайлоочулардын тизмесин тактоо үчүн мобилдүү топтор түзүлүп, алар үймө-үй кыдырып чыгышат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында БШК мүчөсү Ишенбай Кадырбеков билдирди.
 
 Анын айтымында, республика боюнча баардыгы болуп 2 миң 40 шайлоо участогу бар. “Ар бир участокто бирден мобилдүү топ иштейт, анын ар биринде үчтөн адам болот, алар участоктук шайлоо комиссиясы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана өкмөттүк эмес уюмдардан бир адам кирет. Алар үйлөрдү кыдыруу менен тизмени тактап, шайлоого чакырууларды таратышат”, - деп айтты И.Кадырбеков.
 
 Мобилдүү топ 5-20-октябрга чейин иш алып барышат. “Шайлоочулардын тизмесинде жоктор жашаган жери боюнча, участоктук шайлоо комиссиясына арыз жазып паспорттогу идентификациялык номуру менен тизмеге кирип шайлай алышат”, - деп айтты БШКнын мүчөсү.
 
Булак: Кабар.

 

 

Бишкек, «Саясат kg» - Дыйкан Байаман. Нарын шаарынын борборунда саат 15:00до башталган президенттикке №1- талапкер К. Ташиев менен болгон жолугушууга шаар тургундары өзгөчө агылып келди.

Бишкек, «Саясат kg». Олкобуздун кен байлыктарын иштетуу, пайдалануу маселеси элдин пикири эске алынгандай болуп, референдумдун гана негизинде чечилишкерек.
Мындай пикирин Кочкор районунун шайлоочулары менен болгон жолугушууда президентикке талапкер КамчыбекТашиев жергиликтуу элдин суроолоруна жоопберип жатып билдирди. Айтымында кен байлыктарды пайдалануу боюнча бизде чон калпыстыктар кетип жатат.
Откон жылы эле Кумтор кенинен 17,5 тонна алтын ондурулуп, анын баасы 700 млн. доллар болгон. Бул каражаттын 200 миллиону чыгымдарга кеткен. Тушкон пайдасы жарым млрд. доллар болсо, биздин мамлекетке тие турган олчому 160-170 млн. доллар болуш керек. Ал эми биздин окмот болгону 4 млн. доллар гана акча алган. 
 Пайдасынан тушкон акчанын бир пайызын да ала алган эмеспиз. Ошондуктан азыр мамлекетке тушо турган пайданы 30 млн. долларга жеткирууго далаалат кылып жатабыз. Эгерде мыйзам боюнча пайданын 33 пайызын бербей турган болушса, бизге андай инвесторлордун кереги жок. Сарамжалдуу иштете албасак, биз кендерге тийбешибиз керек. Ал кендерди элге пайдасы тие турган учур келгенде бизден кийин келе турган муундар иштетет. Бир пайыздык пайда учун кендерди башкаларга карматпайлы. Биздин кендер менен башка олколор байып жатышат.
Байлыктын ээси болгон кыргыз эли бугун жарды болуп отурат. Ал эми Нарындагы жетим-Тоо, Сандык кендерин эч кандай коммерцияга айландырбай, эгерде бул кендерди иштете турган болсок, анда элдин пикирин эске алып, иштелип чыккан программаны элге корсотуу зарыл. Программада кендин пайдасынын канчасы мамлекетке, элге тиет, зыяны менен пайдасын иликтеп, керек болсо референдумдун негизинде кендерди иштетишибиз керек.
Азыркыдай окшоп бизге темир жол салып берет, ошого алмаштыра коёлу деген саясатты токтотуу зарыл. Бизден кийин да муун келе жатат, аларга да жашоо керек. Акылдуу болушса, кендерибизди оздору иштетип, эл -жерин багып алышат. Ошондуктан бир ууч саясатчылардын азыркыдай аракеттерине жол бербей, жер алдындагы байлыктарды чачып-токпошубуз керек деди Камчыбек Ташиев.
Жолугушууда соз алып суйлогон Кочкор районун тургуну Турат Омуралиевдин айтымында, парламентте депутат катары орчундуу маселелерди корпой которуп, президенттикке талапкер болуп чыккан К.Ташиевдин бул аймакка келишин элдин койгойун чечип берет деген ишеним менен район тургундары ак сакалдары баш болуп кутушту.
Элеттиктер аймактагы тез арада чечилууго тийиш болуп жаткан койгойлорго бийлик тарабынан конул бурулбай жаткандыгын билдиришип, маселелерди чечип беруу отунучун жолдошту. Оз жообунда талапкер шайлоо мыйзамын буза албастыгын, ошондуктан азыр убада берууго укуксуздугун билдирип, шайлоонун жыйынтыгы чыккан сон гана, элдин окулу катарында да тийиштуу кызматтар менен койгойлорду чечууго аралашаарын кошумчалады.

 

 

Бишкек, «Саясат kg». Кыргызстандын калкынын кайсы катмары болбосун, баары социалдык жактан толук турдо, натыйжалуу коргоого алынат. Айрыкча бул багытта мамлекеттин жардамына муктаж жарандарга системалуу план иштейт. Мындай пикирин КРнын президенттигине №1-талапкер катары катталган Камчыбек Ташиев Жумгал районунун тургундары менен болгон жолугушууда айтты.

Жогорку Сот бүгүн президенттикке талапкер болуп катталуу арызы менен БШКга кайрылган Нариман Түлеев маарадан мыйзамсыз четтетилген деген чечим чыгарганын "Азаттыкка" Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев кабарлады.

 

Президенттикке талапкер катары катталуу үчүн 30 миңден кем эмес анык кол топтоп, 100 миң сомдук күрөө коюп, тил сынагынан ийгиликтүү өтүү керек. Бирок Нариман Түлеев анык кол топтой алган жок деген негизде БШК аны тил сынагына катыштырбай койгон. Бул туура эмес чечим болгон деген райсоттун бүтүмүн Жогорку Сот бүгүн күчүндө калтырды. Жогорку Сотто дагы 5 адамдын ушундай эле мүнөздөгү арызы жатат.

 
Булак: Азаттык.

 

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер катары каттабай койгон, тогуз адамдын өз колдоосуна чогулткан кол жазмаларын коомчулукка жарыялоого даяр. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында БШКнын төрагасынын орун басары Гүлнара Журабаева билдирди.

 

 “Кол топтоонун өз эрежеси бар, биринчи кезекте облусу, району, жашаган жеринин дареги, аты-жөнү көрсөтүлөт, кол койгон адам аны өз колу менен толтурат. Талапкер катары катталбай калгандардын документтеринде бир кол менен толтурулган, жашаган дареги толук жазылбай калган учурлар да бар. Жумушчу топко мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү кирген ал даректи компьютерге киргизүү менен ал адам жашагандыгын же жашабай тургандыгын аныктай алат. Кол топтоо өнөктүгүнө талапкерлер жоопкерчиликтүү мамиле кылышы керек эле”- деп айтты Г.Журабаева.
 Ал кол топтолгон документтердеги каталар боюнча атайын ведомость түзүлгөндүгүн айтты. “Президенттик кызматка талапкерликке арызын берген Токтайм Үмөталиева өлкө парламентине БШКныны мүчөлөрүн таркатуу боюнча арызын бергендиги айтылууда, бул ар бир адамдын өз укугу”, - деди Г.Журабаева.
 
Булак: Кабар.

 

Бишкек, «Саясат.kg». Кадимки Каттани атка конгон Өмүрбек Суваналиев алгачкы үгүт кербенин Нарын жергесинен баштады.
 
25-сентябрь күнү Ат-Башы районундагы «Кошой коргон» тарыхый-этнографиялык комплексинде эл менен жолугушкан Өмүрбек Суваналиев ата-салтынын ырымы менен теңир-тоолуктардан бата алды. Андан соң ошол эле күнү Ат-Башы райборборунун мал базарында чогулган 5 миңден ашуун эл менен кеңири жолугушуу болуп өттү. Негизи базар 2-2,5 миң адамга ылайыкташкан. Бирок Суваналиев жолугушууга келет деген маалыматты уккан эл базардын ичи-тышын курчап, бир кезде нарындыктарга тоодой иш жасап кеткен сүйүктүү уулунун сөзүн угууга туш-туштан убап-чубап эл келип жатты. Баарынан кызыгы, чогулган эл эч кандай суроо узатпастан, тек гана Каттанинин сөзүн муюп угушту. Бата берүү үчүн сөз алган аксакалдар: «Биз Суваналиевдин ким экенин жакшы билебиз. Эмгек дегенде, эл дегенде ичкен ашын жерге таштап, күнү-түнү тыным албаган жигит. Бакиевдин бийлиги Арпа, Аксай жайлоосун Кытайга ижарага берип жатканда аны кайта Ат-Башы элине кайрып берген. Нарындагы Жетим-Тоодон кытайлыктарды кууп чыкканга эмне деген тобокелчилик керек? Мына ушуну баарын жасаган бул жигит. Бизге ушундай элин, жерин коргогон азамат, мамлекетчил жигиттер керек. Бизге Суваналиевден эч кандай убада керек эмес. Биз ансыз да сени шайлайбыз. Анткени сен буга чейинки жасаган ишинди мындан кийин дагы аткара бересиң. Туурабы туугандар?» деп чогулган элге кайрылганда дуу жарылып колдоп кетишти.
 
Тогуз-Торолуктар Каттанидей уулу менен сыймыктанышат
 
Суваналиевдин андан кийинки сапары бир кезде өзү туулуп өскөн Тогуз-Торо районунда уланды. Бул жерде Өмүрбек мырзанын атасы Исак Суваналиев тээ 70-жылдары райисполкомдун төрагасы, райкомдун биринчи катчысы болуп иштеген. Тогуз-Торолуктар Өмүрбек мырзанын атанын жолун жолдогон алгыр уул болгонуна кубанып жатышканын, анын өлкөнүн бүткүл региондорунда иштеп келгенин, артында жакшы сөз гана калганын айтып, түп көтөрүлө Өмүрбек уулуна добуш берээрин айтышты. Бир канча жылдан бери унутта калган Тогуз-Торолуктар алгачкы сапарын ушул жерден баштаганына жетине алышпай, Өмүрбек мырзаны иштерман жетекчи катары жакшы билишээрин, анын Ысык-Көлдөгү, Нарындагы, Таластагы, Оштогу жана борбордук кызматтардагы ишмердүүлүктөрү мыкты президент чыгаарын айгинелейт дешти. Башка талапкерлердей 10дон ашуун жансакчы жалдап, ырчы-чоорчуларды, даңкылдак-дүңкүлдөктөрдү жайнатып, өзүн жасалма мактатып, арендага ат алып мингизмей шоулардан алыс болуп, тек гана жолугушууларды өткөрүп жаткан чагы. Болгону талапкердин кайсы жерде жыйналыш өткөрөөрүн 1-2 саат мурда үн күчөткүч машине менен жарыя кылышкандыктан, Суваналиев менен жолугууга жүздөгөн эл агылып келип жатты.
 
Суваналиевди колдоп чыккан «атамбаевчилер»
 
Жетим-Тоо, Сандык жана Терек-Сай кендери боюнча азыркы өкмөттүн «кыйтың-мыйтың» мамилесинен улам Нарын элинин Алмазбек Атамбаевден көңүлү үч көчкөн журттай калыптыр. Ошондон улам бийликтин адамы экенине карабай, Атамбаев жетектеген КСДПнын адамдары Суваналиев менен жолугушууга келип, Суваналиевди колдошоорун, Нарын эли убагында Атамбаевден көптү үмүт кылганын, тилекке каршы бийлик колго тийгенде Бакиевдин жолоюна түшүп, кытайлык ишкерлер менен көз ымдашып, кендерди сатып, жерлерди арендага берүүгө камынып жатканын, мындай адамга ишенип болбостугун айтышып, азыркы талапкерлердин ичинен бир гана Суваналиевге үмүт артууга болоорун айтышты. КСДПнын тээ 90-жылдардан берки аксакал мүчөсү Өмүрбек Исаковичке бата берип: «Уулум, биз сени билебиз, сенин өмүр баяның, артың таза, биз сага бөркүбүздөй ишенебиз. Бизге эч кандай убаданын кереги жок, анткени сен иштерман экениңди далилдегенсиң. Сенин программаң дагы түшүнүктүү, так жазылган. Башкалардай болуп асмандагы айды убада кылбай, тартип менен мыйзамдуулукту орнотом дегениңди колдойбуз. Сен келсең тартип орнойт, аны жакшы билебиз. Ылайым максатыңа жет, бизге сендей президент керек!» деп бата жайганда бүт эл колдоп кетти. Аксакалды коштоп жүргөн айрым «ксдпчылар» кызарганынан жер карап тим болушту. Бүгүн генералдын үгүт сапары Кочкор районунда уланып жатат.
 
Максат Кырбашев
 
 
 
 

Кыргызстандагы кээ бир атуулдук коомдор Борбордук шайлоо комиссиясынын ишине ишеним артбайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында “Демократия үчүн” аялдардын дискуссиялык клубунун жетекчиси Динара Айткулиева билдирди.

 
Анын айтымында, 30-сентябрда Бишкекте “Шайлоо таза өтөбү?” деген аталышта форум өтөт. “Жыйынга баардык талапкерлер, буга чейин шайлоо маарасынан четтетилип калган талапкерлер, атуулдук коомдун өкүлдөрү менен БШКнын мүчөлөрү катышат. Ошол жерде шайлоо башталгыча эле, талапкерлерге кандай бут тосуулар болуп жаткандыгы талкууланат”, - деп айтты Д.Айткулиева. 
 Ал бүгүнкү күндө президенттикке талапкер катары арызын берип, бирок БШК чечими менен шайлоо өнөктүгүнөн четтетилип калгандардын баары эле сотко кайрылып аны жеңип чыгып жаткандыгын, бул алардын ишинин натыйжасыздыгынан кабар берип жаткандыгын билдирди.
 
Булак: Кабар.

30-сентябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында “Биз таза шайлоо үчүн” акциясы өтөт. Иш-чараны БШК жана “Кылым музасы” продюссердик борбору уюштурууда.

 

 Акция маалында БШК, Жогорку Кеңештин өкүлдөрү жарандарды шайлоого активдүү катышууга үндөйт. 
 Мындан тышкары бул шайлоонун өзгөчөлүгүн белгилеген анимациялык тасмалар сунушталат. Иш-чара алкагында эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт уюштурулат.
 
Булак: Кабар.

 

Жогорку Кеңеш бийлик адамдарын шайлоо процессине катыштырбоо үчүн атайын чечим кабыл алат. Буга байланыштуу эртең, 29-сентябрдагы, пленардык жыйында “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров даярдаган “КР Президентин эркин, акыйкат жана айкын шайлоону өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” токтомдун долбоору каралат.
 
 Мында Акылбек Жапаров мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата шайлоо процессине кийлигишпөө тууралуу эскертүү берүү зарылчычылын белгилейт. Токтомдун долбоорунда административдик ресурстарды колдонууга жол бербөө боюнча чаралар жана шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн алардын жоопкерчилиги каралган.
 
 Ал эми мугалимдерди жана окуучуларды, студенттерди, социалдык камсыздоо органдарынын кызматкерлерин, медициналык мекемелердин персоналын, калкты тейлөөчү башка мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлерин кайсы бир талапкердин пайдасына шайлоо алдындагы үгүт ишине тартууга тыюу салынат.
 
Булак: Кабар.
 

27-сентябрда Кыргызстандын президенти Роза Отунбаеванын төрагалыгы алдында КР Коргоо кеңешинин жыйыны өттү, анда «Кыргыз Республикасынын президенттигине шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мамлекеттик жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» маселеси талкууланды.
 
Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, президент Роза Отунбаева мамлекеттик органдардын бардык чечимдери элдин кызыкчылыктарынын көз карашында ар тараптуу каралып, тынчтыкты жана коомдогу туруктуулукту сактоо камкордугун көрүүгө тийиш деп белгиледи. «Бул жерде жоопкерчилик эки тараптуу болуусу зарыл, бийлик гана эмес, жарандык коом дагы мыйзамдуулукту жана өлкөдөгү укуктук тартипти колдоого жардам көрсөтө алат. Ушуга байланыштуу алдыдагы мамлекет башчысын шайлоого катышуучуларды жогорку саясий сыпайылыкка жана жоопкерчиликке чакырат элем»,- деп белгиледи Р.Отунбаева.
 
Президент мамлекеттик чек араны бекемдөө маселесине көңүл бурду. «Биздин чек араларды бекемдөө бардык мамлекеттик органдардын, биринчи кезекте - республиканын Коргоо кеңешинин алдында турган эң бир маанилүү маселе болууга тийиш», - деди Р.Отунбаева.
 
Мамлекет башчысы алдыдагы президенттик шайлоо дүйнөлүк коомчулуктун кыйла кызыгуусун жаратып жаткандыгына токтолуп, ошону менен бирге мындай кызыгуу Борбордук Азияда биринчи жолу парламенттик демократиянын шарттарында иштеги президент катышпаган шайлоолордун өткөрүлүп жатышына байланыштуу экендигин белгиледи. «Бул шайлоолор биздин республикада колдонулуп жаткан жаңы саясий конструкциянын бекемдигин сыноо болот, анда бийлик бутактарынын ортосунда бийликтин ачык түрдө бөлүнүшүнүн эсебинен кайсы бир өзүнчө институт тарабынан бийликти узурпациялоонун ар кандай мүмкүнчүлүктөрүнө бөгөт коюлган. Коргоо кеңеши тарабынан кабыл алына турган ыкчам тартиптеги чаралар менен гана чектелбестен, бул чөйрөлөрдө, өткөн жылдагы Оштогу окуялар өңдүү окуялардын өнүгүүсүнө жол бербеш үчүн социалдык жана эл аралык жаңжалдардын алдын алуунун жана жоюунун механизмдерин өркүндөтүү зарыл», - деди президент.
 
Жыйындын жүрүшүндө күн тартибинде бекитилген темага байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик
 
кызматынын төрагасы Кеңешбек Дүйшебаевдин, ички иштер министри Зарылбек Рысалиевдин, Башкы прокурор Аида Салянованын, тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Асеин Исаевдин жана шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиянын төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун докладдары угулду.
 
КР Өкмөтү алдында бирдиктүү штаб түзүлгөндүгү белгиленип, ал президенттик шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялай тургандыгы белгиленди. Мындан тышкары, айрым президенттикке талапкерлердин шайлоочуларды улутуна, регионуна жана динине карап бөлүп-жаруу ыкмаларын колдонуусуна бөгөт коюу чаралары талкууланды. Коргоо кеңешинин отурумунун жыйынтыгында КР өкмөтүнө шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларга байланышкан бир катар сунуштамалар берилди.
 
 
 
Булак: Баракелде.

 

Бишкек, «Саясат kg» - Д.Байаман. Кара-Көл шаарынан кийин талапкердин жолугуушуусу Токтогул районунда уланды. Камчыбек Ташиевдин программасынын эң баштапкы  этабында жазылгандай Кыргызстанга тартип орнотуу керектиги белгиленген.Ал карапайым калкка эмес, мамлекеттик чиновниктерге иштеши керектигин  баса белгиледи. Аталган район эли өздөрүн кызыктырган суроолорду кагаз аркылуу беришип, талапкерден жооп алышты.
 
Кетмен-Төбө өрөөнүнүн жашоочулары президенттикке талапкер Камчыбек Ташиевдин программаларын  туура көрүп, алдыдагы шайлоодо колдоо көрсөтө тургандыктарын билдиришти. Камчыбек Ташиевдин 26-сентябрга карата эл менен болгон жолугушуусу Токтогул районунан жыйынтыкталды. Аталган райондун эли талапкердин өткөн жылдагы каргашалуу окуядагы мамлекеттин бүтүндүгү үчүн жан үрөп күрөшүүсү баатыр деген наамга татыктуу инсан экенин айтышып, ак бата менен узатышты.